Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында шаардагы инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу облустук админстрациядан билдиришти.

Маалыматка ыылайык, иш сапардын жүрүшүндө облус башчысы социалдык объектилерге, жол жана коммуналдык инфраструктурага байланышкан долбоорлорду жеринен көрүп, жергиликтүү ишкерлер менен жолугушту. Жолугушууда өндүрүштү кеңейтүү, инвестиция тартуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү маселелери талкууланды.

Мамыржан Рахимов ишкерлерге мамлекет тарабынан жеке секторду колдоого багытталган бир катар мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатканын белгилеп, жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү аймактын экономикалык өсүшүндөгү негизги багыттардын бири экенин айтты. Ошондой эле ишкерлердин демилгелерин колдоого жана долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзүүгө көңүл буруларын билдирди.

Кызыл-Кыя шаарында калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2026-жылы бир катар инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда. Аталган иштердин жалпы көлөмү 91 млн сомдон ашат.

Учурда Кызыл-Кыядагы Совет, Масалиев, Чехов жана Султанов көчөлөрүндө жолдорду асфальттоо иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары №2 жана №4 орто мектептерде дем берүүчү гранттын каражаттарынын эсебинен оңдоо иштери аткарылууда. Шаардын көчөлөрүн жарыктандыруу жана ирригациялык тармактарды жаңылоо боюнча да тиешелүү иштер жүрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

“Мадина” базарындагы өрттөн кийинки чыгымды аныктоо иштери жүрүп жатат

“Мадина” базарындагы өрттөн кийинки чыгымды аныктоо иштери жүрүп жатат

Бишкек шаарынын мэриясы “Мадина” базарындагы өрттөн жабыркагандарга компенсация төлөнүп жатканы тууралуу тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу, учурда өрттүн келип чыгуу жагдайларын жана келтирилген чыгымдын көлөмүн аныктоо боюнча иштер улантылып жатканын билдирди. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, келтирилген чыгымдын суммасы Свердлов райондук администрациясы тарабынан аныкталып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Ошол эле учурда

Ишкер Media
Кыргызстан менен Орусиянын Жогорку соттору кызматташууну күчөтөт

Кыргызстан менен Орусиянын Жогорку соттору кызматташууну күчөтөт

Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин чакыруусу менен Орусиянын Жогорку Сотунун төрагасы Игорь Краснов Бишкекке расмий сапар менен келди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жогорку даражалуу конокту "Манас" эл аралык аэропортунан Медербек Сатыев тосуп алды. Тосуп алууга ошондой эле төраганын орун басары Шералы Камчыбеков, кеңешчи Руслан

Ишкер Media
РКӨФ изоляциялык материалдарды өндүрүүгө 800 миң  $ ашык каражат салат

РКӨФ изоляциялык материалдарды өндүрүүгө 800 миң $ ашык каражат салат

Россия-Кыргыз өнүгүү фонду Кыргызстанда заманбап изоляциялык жана полимердик материалдарды өндүрүүнү кеңейтүү долбоорун каржылоо боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу фонддун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү. Долбоордун биринчи этабын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ачкан. Экинчи этаптын алкагында РКӨФ - 800 миң $ ашык инвестиция салат. Долбоорго жалпы инвестициянын көлөмү

Ишкер Media
Садыр Жапаров Лос-Анжелеске келди

Садыр Жапаров Лос-Анжелеске келди

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Американын Лос-Анжелес шаарына барды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, сапардын максаты - Кыргызстандын биринчи улуттук спутнигин учуруу аземине катышуу. Спутник SpaceX компаниясынын ракетасы менен орбитага чыгарылат. Мамлекет башчысын аэропорттон SpaceXтин глобалдык өнүгүү боюнча директору Ребекка Хантер тосуп алды. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча

Ишкер Media