Айыл чарба министрлиги биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарды

Айыл чарба министрлиги биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарды

Бүгүн суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун төрагалыгы алдында министрликтин коллегиялык жыйыны өттү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Жыйында министрликтин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, оруп-жыйноо иштеринин жүрүшү жана күзгү айдап-себүү кампаниясына даярдык маселелери каралды.

Биринчи маселе боюнча министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу баяндама жасап, аткарылган иштер жана алдыдагы сезондук иштер тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле дыйкан-фермерлерди үрөн, күйүүчү-майлоочу материалдар, минералдык жер семирткичтер жана башка керектүү ресурстар менен өз убагында камсыз кылуу, айыл чарба техникаларынын даярдыгы талкууланды.

Мындан тышкары, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана агроөнөр жай комплексин 2030-жылга чейин өнүктүрүү программасынын негизги багыттары каралды. "Агросмарт" мамлекеттик ишканасынын ишинин жыйынтыктары жана алдыдагы пландары боюнча да маалымат берилди.

Жыйындын соңунда Эрлист Акунбеков оруп-жыйноо жана күзгү талаа иштерин уюшкандыкта өткөрүүнү, дыйкан-фермерлерди зарыл ресурстар менен өз убагында камсыз кылууну жана коюлган милдеттердин сапаттуу аткарылышын тапшырды.

Коллегиянын жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынып, министрликтин алдыдагы мезгилге карата негизги милдеттери белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media
Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Биринчи айым Айгүл Жапарова Түркиянын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча Жогорку ардактуу кеңештин биринчи жыйынына катышты. Анда биринчи айым аялдарды колдоо, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана санариптик доордо балдарды коргоо маселелерине токтолду. Ал үй-бүлөнүн биримдигин чыңдоого жана балдарга бактылуу балалык тартуулоого

Ишкер Media