Баткенде эттин баасы көзөмөлдөндү

Баткенде эттин баасы көзөмөлдөндү

Баткен шаарында эт азыктарынын баасына мониторинг жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын мэриясынын тиешелүү кызматкерлери Антимонополиялык жөнгө салуу кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте шаардагы соода түйүндөрүндө эттин баасын көзөмөлдөп, сатуучуларды бааны негизсиз жогорулатпоого чакырышты.

Учурда шаарда кой этинин 1 килограммы 850 сомдон, уй эти 800 сомдон сатылууда.

Тиешелүү кызматтар эттин баасына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана баанын негизсиз өсүшүнө жол бербөө багытында иштерди улантат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү

Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Кыргызстан баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конгресске катышты

Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө

Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти