Түштүк Кореядан мыйзамсыз ташылып келген унаалар аныкталды

Түштүк Кореядан мыйзамсыз ташылып келген унаалар аныкталды

“Түндүк” темир жол бажысынын аткезчиликке жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу төрт автотранспорт каражатын мыйзамсыз өткөрүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, текшерип кароо учурунда Корея Республикасынан Кыргызстанга алуучулардын дарегине келген контейнердеги автоунаалардын транзиттик декларацияларда көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбестиги аныкталган. 

Документтерге ылайык, контейнерде KIA K3, KIA Sportage, Hyundai Kona жана Hyundai Sonata автоунаалары болушу керек болчу. Ал эми иш жүзүндө Toyota Camry, Hyundai Sonata, BMW 530 жана Hyundai Palisade автоунаалары табылган.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө товар коштоочу документтерде көрсөтүлгөн автоунаалар буга чейин эле 2025-жылдын декабрь айында Кыргызстанда бажылык тариздөөдөн өткөндүгү аныкталды.
Материалдар андан аркы процессуалдык иш-чараларды жүргүзүү үчүн МБКнын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын орду эки эселенген өлчөмдө – 1 430 465 сом өндүрүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media
Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Биринчи айым Айгүл Жапарова Түркиянын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча Жогорку ардактуу кеңештин биринчи жыйынына катышты. Анда биринчи айым аялдарды колдоо, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана санариптик доордо балдарды коргоо маселелерине токтолду. Ал үй-бүлөнүн биримдигин чыңдоого жана балдарга бактылуу балалык тартуулоого

Ишкер Media