Бишкекте абаны булгаган унаа аныкталып, ишканага айып пул салынды

Бишкекте абаны булгаган унаа аныкталып, ишканага айып пул салынды

Бишкекте атмосфералык абаны булгаган автоунаа аныкталып, ал таандык болгон ишканага 23 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына шаардын түштүк тарабында автоунаадан коюу кара түтүн чыгып жатканы тууралуу жарандардан маалымат түшкөн.

Анын негизинде кызматкерлер милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте текшерүү жүргүзүп, автоунааны аныкташкан. Транспорт каражаты "Э-А" ишканасына таандык экени белгилүү болгон.

Текшерүүнүн жыйынтыгында автоунаадан атмосферага белгиленген ченемден ашык булгоочу заттар бөлүнүп жатканы аныкталган.

Бул факты боюнча "Э-А" ишканасына протокол түзүлүп, 23 миң сом айып салынды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги бир катар көчөлөрдө оңдоо иштери аяктады

Бишкектеги бир катар көчөлөрдө оңдоо иштери аяктады

Бишкек шаарында борбор калаанын жол-транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү жана жакшыртуу боюнча туруктуу иштер улантылууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев көчмө жыйындын жүрүшүндө бир катар көчөлөрдү жана жол тилкелерин оңдоо иштеринин жыйынтыктары менен таанышты. Иштер аяктагандан кийин төмөнкү көчөлөр жана жол тилкелери этап-

Куршабдагы оорукананын 1950-жылы курулган имараты авариялык абалга келген

Куршабдагы оорукананын 1950-жылы курулган имараты авариялык абалга келген

Куршаб айыл аймагында саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөр жана медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо маселелери талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, депутат Жылдыз Эгенбердиева Ош облусунун Өзгөн районундагы Ж.Токторбаев атындагы Куршаб жалпы дарыгерлик практика борборунун эмгек жамааты менен жолугушту. Дарыгерлердин айтымында, 1950-жылы курулган

Кыргыз дрондору Түркияга жана эл аралык рынокко экспорттолушу мүмкүн

Кыргыз дрондору Түркияга жана эл аралык рынокко экспорттолушу мүмкүн

Стамбулда Кыргызстандын "Qarga Group" компаниясы менен Түркиянын "ZENA Elektrik ve Enerji A.Ş." компаниясы энергетикалык инфратүзүмгө учкучсуз аппараттар аркылуу мониторинг жүргүзүү боюнча кызматташтыкты талкуулашты. Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда "Qarga Group" компаниясы энергетикалык объектилерди абадан көзөмөлдөөгө арналган "учуучу

Өлкө боюнча 1 млн тоннадан ашык дан жыйналды

Өлкө боюнча 1 млн тоннадан ашык дан жыйналды

Кыргызстанда түшүм жыйноо иштери уланууда. Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча 365,9 миң гектар аянттагы дан эгиндери жыйналып, жалпы түшүм 1 млн 69,8 миң тоннаны түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 27,6 центнерге жетти. Өткөн жылы бул