Бишкектин Аламүдүн-1 кичирайонундагы сейил бактын курулушу текшерилди

Бишкектин Аламүдүн-1 кичирайонундагы сейил бактын курулушу текшерилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Аламүдүн-1 кичи районунда, Сагынбай Манасчы көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн Чокан Валиханов көчөсүнө чейинки тилкесинде курулуп жаткан жаңы сейил бактын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, объектте аймакты тазалоо жана даярдоо иштери жүргүзүлүп, учурда бетон куюу жана конструкцияларды орнотуу иштери башталган. Ирригациялык лотоктор орнотулуп, жаан-чачын сууларын кабыл алуучу торчолор монтаждалууда. Ошондой эле кирпич конструкциялары тургузулуп, жөө адамдар өтүүчү тротуарларга таман таш төшөө иштери башталды.

Долбоордун алкагында аймакты комплекстүү көрктөндүрүү каралып, унаа токтотуучу жай, заманбап балдар аянтчалары, автоматташтырылган сугаруу системасы жана тышкы жарыктандыруу орнотулат. Мындан тышкары, улуттук спорттун түрлөрү менен машыгууга арналган аянтчаларды түзүү пландалууда.

Мэр Айбек Жунушалиев жаңы сейил бак райондун тургундары үчүн эс алууга, спорт менен машыгууга жана үй-бүлөлүк эс алууга ыңгайлуу коомдук мейкиндикке айланышы керектигин белгиледи.
Ошол эле учурда долбоордун ишке ашырылышы “Веранда”кафесине байланыштуу маселени чечүү зарылдыгынан улам кечигүүдө. Шаар башчысы Жер пайдаланууну көзөмөлдөөбашкармалыгына бузуу иштерин баштап, долбоорду улантуу үчүн аймакты бошотууну камсыз кылууну тапшырды.
Мындан тышкары, бузуу иштеринен кийин калган таштандыларды тазалоо маселеси боюнча “Жасмин” кафесинин ээлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырылды.

Мэр Айбек Жунушалиев объекттеги иштердин темпин күчөтүп, бардык курулуш жана көрктөндүрүү иштеринин сапаттуу жана талаптагыдай аткарылышын камсыз кылууну милдеттендирди.

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media
Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Биринчи айым Айгүл Жапарова Түркиянын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча Жогорку ардактуу кеңештин биринчи жыйынына катышты. Анда биринчи айым аялдарды колдоо, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана санариптик доордо балдарды коргоо маселелерине токтолду. Ал үй-бүлөнүн биримдигин чыңдоого жана балдарга бактылуу балалык тартуулоого

Ишкер Media