Даректүү тасманын жаңы горизонту: Бишкекте өтүүчү II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалардын фестивалы эмнеси менен маанилүү
10-сентябрдан 14-сентябрга чейин Бишкек шаарында режиссёрлордун, продюсерлердин жана кино сүйүүчүлөрдүн башын бириктирген, II Эл аралык UmutDoc даректүү кинолордун фестивалы өтөт. Көрүүчүлөрдү жети өлкөдөн (Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Беларусь, Азербайжан, Грузия жана Латвия) келген 8 толук метраждуу жана 16 кыска метраждуу тасманын сынактык көрсөтүүлөрү, даректүү кинонун мыкты чыгармаларына сереп салуу сунушталат. Ал эми режиссёрлор үчүн - 80 миң долларлык байге фонду каралган, аларды Cannes Docs, Berlin Film Residencies жана DocsBarcelona өкүлдөрүнөн турган дүйнөлүк деңгээлдеги эксперттердин алдында өздөрүн таанытууга мүмкүнчүлүк берген индустриалдык программа күтөт.
Ишкер медиа – UmutDoc эл аралык фестивалин илгерилетүү боюнча продюсери Асел Маражаббай кызы менен баарлашып, кино сүйүүчүлөрдү кызыктырган суроолорго жооп алды.
Эмне үчүн бул форум кыргыз киноиндустриясы жана көрүүчүлөр үчүн маанилүү деп ойлойсуз?
II эл аралык UmutDoc фестивали менен биз жөн гана даректүү тасмаларга көбүрөөк көңүл буруп, көрүүчүлөр жана дүйнө менен баарлашуунун ушул форматын тандаган режиссёрлор үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзгүбүз келет.
Даректүү тасмаларды тарткан режиссёрлорго караганда азыр көркөм тасмаларды тарткандар көп. Ошондуктан, биринчисине көбүрөөк басым жасап жатабыз. Ошол эле учурда, даректүү тасма жанр катары өнүгүп жатканын байкабай коюу мүмкүн эмес. Ал барган сайын кеңири колдонулуп, жашоону өз учурунда көрсөткөндөрдүн саны өсүп жатат. Бирок аларды колдоо же жайылтуу үчүн мүмкүнчүлүктөр аз.
Ошондуктан, жаңы чыгармалардын пайда болушу үчүн шарттарды түзүү зарыл болууда. Кантсе да, даректүү тасма - биздин реалдуулук кыйынчылык жана көйгөйлөрүбүз, көптөр аны айтуудан тартынган нерселер.
Фестивалдын программасы эки аянтка бөлүнүп жатышынын себеби эмнеде. Режиссёрлор үчүн эксперттер менен түздөн-түз иштешүү канчалык маанилүү?
Чынында, биз фестивалды бир жерде өтүшүн каалаганбыз. Бирок мындай жерди табуу азырынча мүмкүн эмес. Ошондуктан, бөлүштүрүүгө туура келди. Бул жолу кино жана чыгармачыл борбор бири-бирине жакын жайгашты, ал “Ала-Тоо” кинотеатры жана OloloErkindikде болот.
Фестивалдын бардык иш-чараларына кирүү акысыз. Тасманы көргөндөн кийин, каалоочулар чеберлер-классына катышса болот. Мисалы, белгилүү казакстандык даректүү тасмалардын режиссеру Канат Бейсекеевдин даректүү тасмаларды тартуу боюнча чеберлер-классын өткөрөт.
Ал эми дүйнөлүк киноиндустриянын алдыңкы өкүлдөрү фестивалдын эл аралык эксперттеринин жана конокторунун арасына киришти. Алардын арасында - DocsBarcelona, Berlin Film Residencies, Cannes Docs, Stranger Films Sales, 3Boxmedia, LuFilms жана New York Film Academy Kazakhstan бар.
Бул сессияда заманбап киноиндустриянын тенденциялары жөнүндө гана эмес, тасманы абройлуу дүйнөлүк аянттарда кантип көңүл бурдуруп, жарнамалоо керектиги жөнүндө да маалымат берилет.
Бул жылдын эң кызыктуу демилгелеринин бири - студенттердин калыстар тобуна киргизилиши болду окшойт. Айтсаңыз, 20 жаштагы көрүүчүнүн көз карашы Канн же Берлинале серепчилеринин көз карашынан эмнеси менен айырмаланат?
Биз жаңы муунду фестивалдын активдүү катышуучулары болушун кааладык.
Бул жылы студенттик калыстар тобу кыска метраждуу даректүү тасмалардын сынактык программасын карап чыгышат. Мындай тажрыйба алардын тандалган тармакка болгон кызыгуусун арттырып, аларды шыктандырат жана өнүгүү үчүн жаңы горизонтторду ачат деп үмүттөнөбүз. Мисалы, коңшу Казакстанда студенттердин фестивалдарга катышуусу университеттин жаңылыктарында чагылдырылат жана бул жакшы билим берүү практикасы деп эсептелет. Жалпысынан алганда, студенттер фестивалдар эмне сунуштай аларын, алар кандай пайда алып келерин түшүнүп, иш-чарага кызыгуусун арттырышат.
Быйыл New York Film Academy Kazakhstanдын жардамы менен фестивалдын байге фонду 80 000 долларды түздү. Бул сынактын катышуучулары үчүн эмнени билдирет?
Биз кинорежиссерлор үчүн флагмандык билим берүү мекемеси катары - NYFA Kazakhstan менен болгон өнөктөштүгүбүздү жогору баалайбыз. Балким, катышуучуларыбыз, конокторубуз жана кино билимине кызыккан ар бир адам окуу тууралуу бардык керектүү маалыматтарды алып, кыялына бир кадам жакындай алат. Байге фонду билим алуу акысына арзандатуу берет. Ушунун негизинде Академиядагы билим алуу жеткиликтүү жана арзан болот деп үмүттөнөбүз.
Сиз үчүн II UmutDoc фестивалы эл аралык аренада толук ийгиликтүү өткөнүнүн көрсөткүчү эмне болуп саналат? Ал I UmutDoc форумунан эмнеси менен айырмаланат?
Биз үчүн фестиваль биринчи кезекте, пайдалуу болушу маанилүү. Ага катышкан ар бир адам бир нерсени эстеп, аны бапестеп жүрүшү зарыл. Биринчи фестиваль байланыш түзүүгө көбүрөөк багытталган жана көптөгөн кино иш-чаралар менен коштолгон. Экинчиси өзүнүн аянтын бекемдеп, Борбордук Азиянын даректүү тасмаларынын режиссерлорун эл аралык аренада, Cannes Docs Marche du Film, Berlinale сыяктуу “А” классындагы фестивалдарда көбүрөөк жайылтууга багытталууда.
Фестивалдын алдындагы маанай кандай? Тынчсыздануу барбы же баары жакшы болооруна ишенесизби?
Көбүнчө алдыдагы иш-чараларга кызыгуу жана жагымдуу толкундануу бар. Биз кылып жаткан ишибизге албетте - өзүбүз ишенебиз. Фестивалдын бардык иш-чараларына кирүү акысыз жана мен жалпы коомчулукту, айрыкча студенттерди келип, жаңы нерселерди ачып, кино тартуу иш-аракеттеринин чордонунда болууга чакырат элем.