Манас шаарындагы үч ири объекттен 1 млрд сомго жакын каражат үнөмдөлдү

Манас шаарындагы үч ири объекттен 1 млрд сомго жакын каражат үнөмдөлдү

Манас шаарында курулуп жаткан үч ири социалдык объекттин сметалык наркы кайра каралып, бюджеттен 997,4 млн сом үнөмдөлдү. Бул тууралуу курулуш министри Нурдан Орунтаев билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин Манас шаарынын мэриясы тарабынан облустук клиникалык оорукананын, 5 200 орундуу спорт комплексинин жана "Акылман" Президенттик мектеп-лицейинин курулушу башталган. Талдоонун жүрүшүндө объектилердин долбоордук-сметалык наркы жогору белгиленгени аныкталып, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен эсептер кайра каралган.

Натыйжада 7 кабаттуу облустук клиникалык оорукананын курулушунан 74,9 млн сом үнөмдөлдү. Объекттин жалпы наркы кайра эсептөөдөн кийин 1,5 млрд сомду түздү. Учурда имараттын 7-кабатындагы опалубка иштери аяктап, дубал тургузуу иштери 5-кабатка чейин бүткөрүлдү.

5 200 орундуу спорт комплексинин сметалык наркы 3 млрд сомдон ашык деп эсептелген. Кайра эсептөөнүн жыйынтыгында анын наркы 2,6 млрд сомго чейин төмөндөп, 479 млн сом үнөмдөлдү.

Ал эми "Акылман" Президенттик мектеп-лицейинин сметалык наркы 2,1 млрд сомдон 1,7 млрд сомго чейин азайтылды. Курулуштун бир чарчы метринин баасы 1 103 доллардан 750 долларга чейин төмөндөп, 443,5 млн сом үнөмдөлдү. Учурда курулуш-монтаждоо иштери аяктап, мектеп-лицейди жаңы окуу жылында пайдаланууга берүү пландалууда.

Министрликтин маалыматы боюнча, үч объекттин курулушу көзөмөлгө алынып, иштер белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media
Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Биринчи айым Айгүл Жапарова Түркиянын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча Жогорку ардактуу кеңештин биринчи жыйынына катышты. Анда биринчи айым аялдарды колдоо, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана санариптик доордо балдарды коргоо маселелерине токтолду. Ал үй-бүлөнүн биримдигин чыңдоого жана балдарга бактылуу балалык тартуулоого

Ишкер Media