Ош, Чүй жана Ысык-Көлдүн 126 айылы таза суу менен камсыздалат

Ош, Чүй жана Ысык-Көлдүн 126 айылы таза суу менен камсыздалат

Кыргызстанда "Суу менен камсыздоо жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк" программасынын биринчи фазасынын алкагында 126 айылдык калктуу конушту коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Долбоор Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарын камтыйт. Анын жыйынтыгында 450 миңден ашуун тургун таза ичүүчү сууга жеткиликтүү болуп, саркынды сууларды чыгаруу кызматтары жакшыртылат.

21-августта Чүй облусунун Сокулук районунда ичүүчү суу жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча райондук муниципалдык ишкана түзүү маселеси талкууланды. Мындай ишканаларды өлкөнүн сегиз районунда түзүү каралууда.

Жыйында жаңы ишкананын иштөө модели, каржылоо механизмдери, ошондой эле суу системаларын пайдалануу жана техникалык тейлөө функцияларын өткөрүп берүү тартиби каралды.

Жыйынтыгында Сокулук районунда кызмат көрсөтүүчү муниципалдык ишкана түзүү демилгеси колдоого алынып, тиешелүү документтерди даярдап, айылдык кеңештердин кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды.

Жаңы система райондогу ичүүчү суу кызматтарынын сапатын жана туруктуулугун жогорулатууга багытталган.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media
Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Биринчи айым Айгүл Жапарова Түркиянын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча Жогорку ардактуу кеңештин биринчи жыйынына катышты. Анда биринчи айым аялдарды колдоо, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана санариптик доордо балдарды коргоо маселелерине токтолду. Ал үй-бүлөнүн биримдигин чыңдоого жана балдарга бактылуу балалык тартуулоого

Ишкер Media
Бишкекте салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болот

Бишкекте салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болот

Бишкекте жаңы салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болот. Бул тууралуу жол салып жаткан компаниянын жетекчиси Русланбек Кайымбаев журналисттерге билдирди. Долбоорду "Тез жол" компаниясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен ишке ашырууда. Курулуш келерки жылдын май айында аяктайт деп пландалып жатат. Узундугу 16 чакырымдан

Ишкер Media
Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкек шаарынын 7-кичи районунда 3-ноябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан маалымдады. Билдирүүгө ылайык, бул күнү аймактагы суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Өчүрүү 7-кичи райондун №33, 34, 34/1, 35, 36, 37, 38, 38/1, 39, 40, 41, 43,

Ишкер Media