Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт
Бишкек шаарынын 7-кичи районунда 3-ноябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, бул күнү аймактагы суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.
Өчүрүү 7-кичи райондун №33, 34, 34/1, 35, 36, 37, 38, 38/1, 39, 40, 41, 43, 5Б даректерине тиешелүү.
"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.