Ысык-Көлдө балык уулоо билетин QR-код аркылуу алууга болот

Ысык-Көлдө балык уулоо билетин QR-код аркылуу алууга болот

Ысык-Көлдө спорттук жана ышкыбоздук балык уулоочулар үчүн балык уулоо билетин электрондук түрдө алуу мүмкүнчүлүгү кеңейтилүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти билдирди.

Буга чейин көлдүн Кекилик участогуна балык уулоо эрежелери жана жол-жоболору көрсөтүлгөн маалыматтык тактайча орнотулган. Анда балык уулоо билетин онлайн алууга мүмкүндүк берген QR-код жайгаштырылган.

Учурда мындай маалыматтык тактайчаларды Ысык-Көлдүн башка балык уулоо участокторуна да орнотуу иштери жүрүп жатат.

Балык уулоочулар тактайчадагы QR-кодду сканерлеп, балык уулоо билетин электрондук түрдө ала алышат. Ошондой эле анда балык уулоонун негизги эрежелери жана талаптары көрсөтүлөт.

Департаменттин маалыматына ылайык, бул иштер мамлекеттик кызматтарды жеткиликтүү кылууга жана балык уулоо эрежелеринин сакталышын жакшыртууга багытталган.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media
Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Биринчи айым Айгүл Жапарова Түркиянын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча Жогорку ардактуу кеңештин биринчи жыйынына катышты. Анда биринчи айым аялдарды колдоо, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана санариптик доордо балдарды коргоо маселелерине токтолду. Ал үй-бүлөнүн биримдигин чыңдоого жана балдарга бактылуу балалык тартуулоого

Ишкер Media
Бишкекте салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болот

Бишкекте салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болот

Бишкекте жаңы салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болот. Бул тууралуу жол салып жаткан компаниянын жетекчиси Русланбек Кайымбаев журналисттерге билдирди. Долбоорду "Тез жол" компаниясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен ишке ашырууда. Курулуш келерки жылдын май айында аяктайт деп пландалып жатат. Узундугу 16 чакырымдан

Ишкер Media