Бишкектин батыш тарабында жаңы эс алуу жайы пайда болот

Бишкектин батыш тарабында жаңы эс алуу жайы пайда болот

Бишкек шаарынын түндүк-батыш бөлүгүндө жаңы коомдук мейкиндик түзүү пландалууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Министрликке караштуу Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын адистери С. Кайназаров жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймакты көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор иштеп чыгышты.

Долбоордо ар кандай курактагы шаар тургундары үчүн заманбап жана ыңгайлуу эс алуу жайын түзүү каралган.

Анын алкагында балдар ойноочу аянтча, воркаут жайы, универсалдуу спорт аянтчасы, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жана унаа токтотуучу жай куруу пландалууда. Ошондой эле жашыл газондорду уюштуруп, бак-дарактарды отургузуу каралган.

Мындан тышкары, аймакка отургучтар, таштанды урналары, оюн жана спорттук жабдуулар, ошондой эле энергия үнөмдөөчү көчө жарыктары орнотулат.

Долбоорду ишке ашыруу аймакты жашылдандырууга, анын архитектуралык жана ландшафттык көрүнүшүн жакшыртууга жана тургундар үчүн коопсуз, ыңгайлуу коомдук мейкиндик түзүүгө багытталган.

Учурда эскиздик долбоор Бишкек мэриясынын тиешелүү райондук администрациясына кароого өткөрүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткен облустарында Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата мектеп окуучулары жана студенттер үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27–30-октябрь күндөрү Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгынын өкүлдөрү Талас, Бакай-Ата, Айтматов жана Манас райондорундагы төрт мектептин жогорку класстарынын окуучуларына лекция өтүштү.

Ишкер Media
Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Министрлер кабинети баалуу кагаздар рыногунун ишин жөнгө салууга багытталган жаңы жоболорду бекитти. Тиешелүү №732 токтом 2026-жылдын 29-октябрында кабыл алынды. Бул тууралуу Финкөзөмөлдөн билдиришти. Документке ылайык, Улуттук депозитарийдин ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобо жана Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү, ошондой эле баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүү тартиби

Ишкер Media
Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Вецель менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушууда айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызматташтык маселелери талкууланды. Жыйынтыгында тараптар "Борбордук Азияда климаттык тобокелдиктерди

Ишкер Media
Кыргызстан менен Кытай өнөр жай кооперациясын өнүктүрөт

Кыргызстан менен Кытай өнөр жай кооперациясын өнүктүрөт

КРнын Соода-өнөр жай палатасы жана Кытайдын Эл аралык сооданы өнүктүрүүгө көмөктөшүү комитети (CCPIT) өнөр жай кооперациясы боюнча кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу 30-октябрда мекемеден маалымдады. Негизги багыттардын бири — Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Өнөр жай кооперациясы борборун өнүктүрүү. Маалыматка караганда, кытайлык өнөктөштөрдү тартуу менен Кыргызстандын экономикасынын

Ишкер Media