Тажикстандан алынып келинген коон-дарбыз Кыргызстанга киригизилген жок

Тажикстандан алынып келинген коон-дарбыз Кыргызстанга киригизилген жок

Баткен облусундагы “Кайрагач” фитосанитардык көзөмөл пунктунда Тажикстандан алып келинген 160 кг коон-дарбызга фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жүккө тиешелүү фитосанитардык сертификат жок экени аныкталды. Белгиленген талаптарга ылайык, фитосанитардык сертификатсыз жогорку фитосанитардык тобокелдиктеги карантиндик продукцияны алып кирүүгө жол берилбейт. Сертификатсыз 5 кг чейинки подкарантиндик продукцияны алып кирүүгө уруксат берилет, ошондой эле коон, дарбыз жана ашкабак – 1 даанага чейин, гүлдөр – 3 букетке чейин киргизилиши мүмкүн.

Бул учурда жүктүн жалпы салмагы 160 кг болгондуктан жана тиешелүү фитосанитардык сертификат жок болгондуктан, колдонуудагы талаптарга ылайык жүктү Кыргызстандын  аймагына киргизүүгө жол берилбей, жөнөтүүчү тарапка кайтаруу тартиби жол-жоболоштурулду.

Фитосанитардык көзөмөлдүн негизги максаты –карантиндик зыяндуу организмдердин өлкө аймагына киришине жана таралышына жол бербөө.

Мындан тышкары окуңуз

Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткен облустарында Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата мектеп окуучулары жана студенттер үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27–30-октябрь күндөрү Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгынын өкүлдөрү Талас, Бакай-Ата, Айтматов жана Манас райондорундагы төрт мектептин жогорку класстарынын окуучуларына лекция өтүштү.

Ишкер Media
Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Министрлер кабинети баалуу кагаздар рыногунун ишин жөнгө салууга багытталган жаңы жоболорду бекитти. Тиешелүү №732 токтом 2026-жылдын 29-октябрында кабыл алынды. Бул тууралуу Финкөзөмөлдөн билдиришти. Документке ылайык, Улуттук депозитарийдин ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобо жана Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү, ошондой эле баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүү тартиби

Ишкер Media
Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Вецель менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушууда айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызматташтык маселелери талкууланды. Жыйынтыгында тараптар "Борбордук Азияда климаттык тобокелдиктерди

Ишкер Media
Кыргызстан менен Кытай өнөр жай кооперациясын өнүктүрөт

Кыргызстан менен Кытай өнөр жай кооперациясын өнүктүрөт

КРнын Соода-өнөр жай палатасы жана Кытайдын Эл аралык сооданы өнүктүрүүгө көмөктөшүү комитети (CCPIT) өнөр жай кооперациясы боюнча кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу 30-октябрда мекемеден маалымдады. Негизги багыттардын бири — Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Өнөр жай кооперациясы борборун өнүктүрүү. Маалыматка караганда, кытайлык өнөктөштөрдү тартуу менен Кыргызстандын экономикасынын

Ишкер Media