Ак-Сай өрөөнүндө 20 ишкерге экологиялык талаптар түшүндүрүлдү

Ак-Сай өрөөнүндө 20 ишкерге экологиялык талаптар түшүндүрүлдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгы Ак-Сай өрөөнүнүн Көк-Кыя аймагында экологиялык талаптардын сакталышы боюнча мониторинг жүргүздү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, мониторинг учурунда аймакта жалпы 56 жаран каттоодо турганы, алардын 20сы жеке ишкерлик менен алектенери аныкталды. Ишкерлерге нормативдик төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча эскертмелер берилип, калдыктарды туура башкаруу жана айлана-чөйрөнү таза сактоо талаптары түшүндүрүлдү.

Ошондой эле айрым объектилерде таштандыларды туура чогултуу үчүн капкагы бар атайын челектер орнотулганы белгиленди. Бул иштер башкармалыктын сунуштарынын негизинде жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, Кел-Суу көлүнүн аймагындагы кайык ээлерине жана туризм тармагында иштеген тараптарга көлдүн жана ага чектеш аймактардын тазалыгын сактоо, калдыктарды белгиленген талаптарга ылайык башкаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

КРнын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Кытайдын Эл аралык соодага көмөктөшүү кеңешинин (CCPIT) төрагасынын орун басары Лю Цзяньнань менен жолугушту. Мекемеден маалымдагандай, тараптар кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү, бизнес байланыштарды чыңдоо жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Жолугушуу эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн түз байланыштарын күчөтүп, өз

Ишкер Media
Ысык-Көлдөгү жайлоого 3 көпүрө куруу пландалууда

Ысык-Көлдөгү жайлоого 3 көпүрө куруу пландалууда

Ысык-Көл облусунда жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүлүп, көрүлүп жаткан иш-аракеттер менен айыл чарба министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Республика боюнча 10 млн гектарга жакын жайыт жер бар, анын 180 миң гектары деградацияга учураган. Маалым болгондой, жайыттарды калыбына келтирүү программасынын

Ишкер Media
Кыргыз-Казак кызматташтыгы  жаңы деңгээлге чыкканы айтылды

Кыргыз-Казак кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыкканы айтылды

Кыргызстан менен Казакстандын кызматташтыгы мамлекет башчыларынын ишенимдүү мамилелеринин негизинде жаңы деңгээлге чыкты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 14-жыйынында билдирди. Ал өз сөзүндө эки элди көп кылымдык тарыхый, руханий жана боордоштук байланыштар бириктирип турарын белгиледи. “Биздин боордош элдерди эки тараптуу кызматташтыктын бардык мүмкүнчүлүктөрүн

Ишкер Media
Түндүк - Түштүк альтернативдик жолу 1-ноябрдан тарта жабылат

Түндүк - Түштүк альтернативдик жолу 1-ноябрдан тарта жабылат

Түндүк - Түштүк альтернативдик жолу 1-ноябрдан тарта жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашат. 2026-жылдын 1-ноябрынан тартып туристтик мезгилдин аякташына жана күз-кыш мезгилинде табигый кырсыктардын келип чыгуу коркунучунун жогорулашына байланыштуу Балыкчы - Жалал-Абад ("Түндүк - Түштүк") альтернативдүү жолунда транспорт каражаттарынын кыймылы убактылуу токтотулат.

Ишкер Media