Асыл тукум букаларга гидропоникалык тоют берилүүдө
Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун Биотехнология бөлүмүндө асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган жаңы технология практикалык түрдө колдонулууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Асыл тукум букалардын физиологиялык абалын жакшыртуу жана алынуучу уруктун сапатын жогорулатуу максатында гидропоникалык тоюттандыруу технологиясы киргизилди.
Гидропоникалык тоют — үрөндөрдү топураксыз өстүрүү жолу менен алынган жашыл тоют. Анын курамында малдын организми үчүн керектүү азык заттар, витаминдер жана биологиялык активдүү кошулмалар бар.
Технология KOPIA борборунун Кыргызстандагы колдоосу менен Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун Биотехнология бөлүмүндө даярдалып, асыл тукум букаларды тоюттандырууда колдонууга киргизилди.


