Сузактагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу кайра жанданат

Сузактагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу кайра жанданат

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Төбөй айылында курулушу токтоп калган "Баластан" бала бакчасынын курулушу улантылат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Бала бакчанын жаңы имаратынын курулушу 2025-жылдын июнь айында башталган. Алгач курулуш иштери демөөрчүлөрдүн каражатынын эсебинен жүргүзүлүп, кийин токтоп калган.

Эми курулуштун калган бөлүгү республикалык бюджеттен каржыланып, объектти толук бүткөрүү Курулуш министрлиги тарабынан жүргүзүлөт. Учурда курулуш иштери 70%га аткарылган.

Долбоордун ишке ашырылышы Төбөй айылындагы мектепке чейинки курактагы балдар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Маалыматка ылайык, бала бакча 120 орунга ылайыкталган жана 150дөй баланын мектепке чейинки билим алуусуна шарт түзөт.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

КРнын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Кытайдын Эл аралык соодага көмөктөшүү кеңешинин (CCPIT) төрагасынын орун басары Лю Цзяньнань менен жолугушту. Мекемеден маалымдагандай, тараптар кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү, бизнес байланыштарды чыңдоо жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Жолугушуу эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн түз байланыштарын күчөтүп, өз

Ишкер Media
Ысык-Көлдөгү жайлоого 3 көпүрө куруу пландалууда

Ысык-Көлдөгү жайлоого 3 көпүрө куруу пландалууда

Ысык-Көл облусунда жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүлүп, көрүлүп жаткан иш-аракеттер менен айыл чарба министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Республика боюнча 10 млн гектарга жакын жайыт жер бар, анын 180 миң гектары деградацияга учураган. Маалым болгондой, жайыттарды калыбына келтирүү программасынын

Ишкер Media
Кыргыз-Казак кызматташтыгы  жаңы деңгээлге чыкканы айтылды

Кыргыз-Казак кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыкканы айтылды

Кыргызстан менен Казакстандын кызматташтыгы мамлекет башчыларынын ишенимдүү мамилелеринин негизинде жаңы деңгээлге чыкты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 14-жыйынында билдирди. Ал өз сөзүндө эки элди көп кылымдык тарыхый, руханий жана боордоштук байланыштар бириктирип турарын белгиледи. “Биздин боордош элдерди эки тараптуу кызматташтыктын бардык мүмкүнчүлүктөрүн

Ишкер Media
Түндүк - Түштүк альтернативдик жолу 1-ноябрдан тарта жабылат

Түндүк - Түштүк альтернативдик жолу 1-ноябрдан тарта жабылат

Түндүк - Түштүк альтернативдик жолу 1-ноябрдан тарта жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашат. 2026-жылдын 1-ноябрынан тартып туристтик мезгилдин аякташына жана күз-кыш мезгилинде табигый кырсыктардын келип чыгуу коркунучунун жогорулашына байланыштуу Балыкчы - Жалал-Абад ("Түндүк - Түштүк") альтернативдүү жолунда транспорт каражаттарынын кыймылы убактылуу токтотулат.

Ишкер Media