Алайдын төрт айылында таза суу тутумунун курулушу 95%га аяктады

Алайдын төрт айылында таза суу тутумунун курулушу 95%га аяктады

Алай районунун Гүлчө айыл аймагындагы төрт айылда таза суу менен камсыздоо тутумунун курулушу 95%га аткарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Долбоор Октябрь, Кум-Шоро, Кара-Суу жана Кенжебай айылдарын камтыйт. Учурда негизги курулуш иштери аяктап, суу түтүктөрүн жеке турак үйлөргө киргизүү иштери жүрүүдө.

Долбоордун алкагында жалпы узундугу 24 чакырым болгон ички жана магистралдык суу түтүктөрү толугу менен төшөлдү. Ошондой эле сууну топтоо жана үзгүлтүксүз жеткирүү үчүн көлөмү 50 куб метр болгон эки жана 100 куб метрлик бир темир-бетон резервуар курулду.

Мындан тышкары, суу басымын туруктуу кармоо жана системанын үзгүлтүксүз иштеши үчүн зарыл болгон инженердик иштер аткарылды.

Учурда калган курулуш иштерин бүткөрүү, үйлөрдү суу түтүктөрүнө туташтыруу жана системаны толук пайдаланууга берүү иштери уланууда.

Долбоор толук аяктагандан кийин Октябрь, Кум-Шоро, Кара-Суу жана Кенжебай айылдарынын тургундары таза ичүүчү суу менен туруктуу камсыздалат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды

Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды

Президент Садыр Жапаров 29-октябрда Түркияга жасаган иш сапарынын алкагында Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды. Мындай чечим президент Садыр Жапаровду Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйлоо чечими Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин (Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан) башчылары тарабынан кабыл алынган. Салтанат Түрк мамлекеттер уюмунун Анкара шаарында өткөн 13-

Ишкер Media
Баткенде 9 айда 2,9 млрд сом салык чогултулду

Баткенде 9 айда 2,9 млрд сом салык чогултулду

Баткен облусунда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик бюджетке 2 млрд 982 млн сом салык чогултулду. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, салык чогултуу боюнча белгиленген план 108 %га аткарылган. Анын ичинен республикалык бюджетке 1 млрд 579 млн сом түшүп, план 112,2

Ишкер Media
Кара-Балтадагы экологиялык абал текшерилди

Кара-Балтадагы экологиялык абал текшерилди

Жогорку Кеңештин экологиялык коопсуздукту иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясы Кара-Балта шаарындагы “Джунда”, “Азия Сталь” жана “СУ-4” ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышып келишти. бул тууралуу ЖКтин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүугө караганда, жергиликтүү тургундардын абанын булганышы боюнча арыздарынан улам “Азия Сталь” заводунун мештери убактылуу токтотулуп, учурда ишкана өндүрүштү модернизациялоо жана чыпкаларды

Ишкер Media
Кыргызстанда өнөр жайды каржылоо үчүн жаңы мамлекеттик банк түзүү сунушталууда

Кыргызстанда өнөр жайды каржылоо үчүн жаңы мамлекеттик банк түзүү сунушталууда

Кыргызстанда өнөр жай ишканаларын узак мөөнөттүү каржылоого багытталган атайын мамлекеттик банк түзүү сунушу коомдук талкууга коюлду. Экономика министрлиги сунуштаган долбоорго ылайык, өнөр жайды өнүктүрүү банкын мамлекеттин 100 % катышуусу менен ачык акционердик коом түрүндө түзүү каралууда. Акционердин ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети же берилген ыйгарым укуктардын чегинде ал ыйгарым укук

Ишкер Media