Ысык-Көлдүн Тамчы айылында кыян жүрүп, жолду суу каптады
2-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда жааган жаандын кесепетинен тоодон түшкөн кыян суулары көпүрөдөн ашып, Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун 35-чакырымын каптады.
ӨКМдин маалыматына ылайык, окуя болжол менен саат 15:00 чамасында Тамчы айылында болгон. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.
Учурда жол каттамы ачык. Атайын техникалар тазалоо иштерин улантууда.