Бишкекте экологиялык талаптарды бузган кафеге 28 миң сом айып салынды

Бишкекте экологиялык талаптарды бузган кафеге 28 миң сом айып салынды

Бишкек шаарындагы "Сария" кафесинде экологиялык талаптардын бузулушу аныкталып, мекемеге 28 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы жарандардын кайрылуусунун негизинде аталган кафеде текшерүү жүргүзгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мекеме тарабынан экологиялык мыйзамдардын талаптары сакталбаганы аныкталган.

Тактап айтканда, заттарды бөлүп чыгаруунун белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн "Укук бузуулар жөнүндө" кодекстин тиешелүү беренесине ылайык, 28 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, кафенин жетекчилигине аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жана мындан ары экологиялык талаптарды так сактоо боюнча расмий жазма буйрук берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Молдованын кесиптик бирликтери келишимге кол коюшту

Кыргызстан менен Молдованын кесиптик бирликтери келишимге кол коюшту

Кишинёв шаарында Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясы менен Молдованын Улуттук профсоюздар конфедерациясынын ортосунда 2027–2031-жылдарга карата кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду. Кесиптик бирликтер федерациясынан билдиришкендей, жаңы келишим эки өлкөнүн кесиптик бирлик уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө, өнөктөштүктү бекемдөөгө жана эмгекчилердин социалдык-эмгектик укуктарын коргоо жаатындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө

Ошто үч акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы убактылуу токтотулду

Ошто үч акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы убактылуу токтотулду

Улуттук банк мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузгандыгы үчүн Ош шаарындагы үч акча алмашуу бюросунун лицензиясынын аракетин убактылуу токтотту. Маалыматка ылайык, "Айыл Финанс" алмашуу бюросунун лицензиясы 2026-жылдын 21-августунан 30-августуна чейин, "Капитал Нур" алмашуу бюросунуку 21-августтан 4-сентябрга чейин токтотулган. Ошондой эле

Ак-Ордо конушундагы жаңы мектеп окуучуларга эшигин ачат

Ак-Ордо конушундагы жаңы мектеп окуучуларга эшигин ачат

Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы Теңир-Тоо көчөсүндө жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Жаңы билим берүү мекемеси Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата 12-сентябрда пайдаланууга берилет. Долбоорго ылайык, мектеп төрт блоктон турган үч кабаттуу имарат болуп саналат. Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен

Кыргызстан менен Черногория туризм тармагындагы кызматташтыкты бекемдейт

Кыргызстан менен Черногория туризм тармагындагы кызматташтыкты бекемдейт

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков 2-сентябрда Черногориянын туризм министри Симонида Кордич менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Ошондой эле туризм тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө көңүл бурушту. Атап айтканда, туристтик агымды көбөйтүү, туристтик инфратүзүмдү өнүктүрүү