Кызыл-Кыяда төрөт үйүнүн эскилиги жеткен: тургундар көйгөйлөрүн айтышты

Кызыл-Кыяда төрөт үйүнүн эскилиги жеткен: тургундар көйгөйлөрүн айтышты

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушуп, шаардагы социалдык жана инфратүзүмдүк көйгөйлөрдү талкуулады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тургундар калктын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу шаарга 2 мектеп жана 2 бала бакча куруу зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле 15-кичи райондо курулушу бүтпөй турган 500 орундуу мектепти аяктап, пайдаланууга берүү боюнча көмөк көрсөтүү өтүнүчү айтылды.

Мындан тышкары, эскирип, талапка жооп бербей калган төрөт үйүнүн ордуна жаңы имарат куруу жана шаарга маданият үйүн салуу маселелери көтөрүлдү.

Жолугушууда шаар үчүн маанилүү болгон таза суу маселеси да кеңири талкууланды. Тургундар таза суу долбоорун ишке ашыруу үчүн 1 млрд сом өлчөмүндө каражат бөлдүрүп берүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү.

Депутат Махабат Мавлянова көтөрүлгөн маселелерди тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирип, алардын чечилишин көзөмөлгө аларын билдирди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткен облусунда "Жаштардын достук көпүрөсү: тынчтык, ынтымак жана кызматташтык" аталышындагы эл аралык жаштар форуму өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чара жаш кол өнөрчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси менен башталды. Форумдун расмий бөлүгү Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында өттү. Ага Кыргызстандын,

Ишкер Media
Баатыр энелердин пенсиясы көбөйүшү мүмкүн

Баатыр энелердин пенсиясы көбөйүшү мүмкүн

1-январдан тартып айрым жарандардын категорияларына карап пенсиясын жана кошумча төлөмдөрүн жогорулатуу сунушталууда. Бул долбоор коомдук талкууга чыгарылды. Долбоордо мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн айрым аскер кызматкерлеринин майыптыгы боюнча пенсиясынын минималдуу өлчөмүн 12 300 сомго жеткирүү да каралган.  "Ошондой эле Чернобыль АЭСиндеги жана башка атомдук объектилердеги авариялардын кесепеттерин жоюуга катышкандардын

Ишкер Media
Баткенде чек арага чектеш 27 айылда суу долбоору ишке ашууда

Баткенде чек арага чектеш 27 айылда суу долбоору ишке ашууда

Баткен облусунда чек арага чектеш 27 айылда суу менен камсыздоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлү кабарлады. Маалыматка караганда, облус жетекчисинин орун басары Абдирашит Ташбалтаев "Мерсико" жана PATRIP уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, сугат жана ичүүчү суу системаларын өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Долбоор Германия Өкмөтүнүн PATRIP фонду аркылуу каржыланган

Ишкер Media
Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга арыз берди

Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга арыз берди

Сыймык Жапыкеев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашкандай, Жапыекеев бүгү 28-октябрда президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 12-ноябрында саат 24:00дө аяктайт. Борбордук

Ишкер Media