Соң-Көлдө канаттууларды коргоо үчүн 1 чакырым тосмо орнотулду

Соң-Көлдө канаттууларды коргоо үчүн 1 чакырым тосмо орнотулду

Нарын облусундагы Соң-Көл көлүндө жаратылышты жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо максатында 1 чакырымга созулган тосмо орнотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иштер "Соң-Көл көлүнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу" долбоорунун алкагында К. Базарбаев атындагы Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун Батай-Арал аймагында жүргүзүлдү.

Тосмо Соң-Көлдүн маанилүү орнитологиялык аймагына адамдардын жана транспорт каражаттарынын көзөмөлсүз кирүүсүн чектөө максатында орнотулду. Бул жапайы канаттуулардын жашоо жана көбөйүү шарттарын сактоого, алардын тынчтыгын камсыз кылууга жана аймакка адам факторунун таасирин азайтууга багытталган.

Соң-Көл суу жана суу жээгиндеги канаттуулардын маанилүү жашоо чөйрөлөрүнүн бири болуп саналат. Айрыкча көбөйүү мезгилинде адамдардын жана унаалардын көзөмөлсүз кирүүсү канаттуулардын жашоо шартына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Батай-Арал аймагындагы тосмо Туруктуу өнүгүү стратегиясы институтунун жана Глобалдык экологиялык фонддун колдоосу менен орнотулду.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткен облусунда "Жаштардын достук көпүрөсү: тынчтык, ынтымак жана кызматташтык" аталышындагы эл аралык жаштар форуму өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чара жаш кол өнөрчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси менен башталды. Форумдун расмий бөлүгү Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында өттү. Ага Кыргызстандын,

Ишкер Media
Баатыр энелердин пенсиясы көбөйүшү мүмкүн

Баатыр энелердин пенсиясы көбөйүшү мүмкүн

1-январдан тартып айрым жарандардын категорияларына карап пенсиясын жана кошумча төлөмдөрүн жогорулатуу сунушталууда. Бул долбоор коомдук талкууга чыгарылды. Долбоордо мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн айрым аскер кызматкерлеринин майыптыгы боюнча пенсиясынын минималдуу өлчөмүн 12 300 сомго жеткирүү да каралган.  "Ошондой эле Чернобыль АЭСиндеги жана башка атомдук объектилердеги авариялардын кесепеттерин жоюуга катышкандардын

Ишкер Media
Баткенде чек арага чектеш 27 айылда суу долбоору ишке ашууда

Баткенде чек арага чектеш 27 айылда суу долбоору ишке ашууда

Баткен облусунда чек арага чектеш 27 айылда суу менен камсыздоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлү кабарлады. Маалыматка караганда, облус жетекчисинин орун басары Абдирашит Ташбалтаев "Мерсико" жана PATRIP уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, сугат жана ичүүчү суу системаларын өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Долбоор Германия Өкмөтүнүн PATRIP фонду аркылуу каржыланган

Ишкер Media
Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга арыз берди

Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга арыз берди

Сыймык Жапыкеев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашкандай, Жапыекеев бүгү 28-октябрда президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 12-ноябрында саат 24:00дө аяктайт. Борбордук

Ишкер Media