Борбордо №88 мектептин 500 орундуу жаңы имаратынын курулушу аяктоо алдында
Бишкек шаарынын Көк-Жар конушундагы №88 жалпы билим берүү мектебине 500 орундуу жаңы окуу имараты курулуп, учурда иш аяктоо алдында турат.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, ал заманбап талаптарга жооп берген үч кабаттуу мекеме болот. Анын жалпы аянты 5525 чарчы метрди түзөт.
Долбоордун алкагында окуучулар үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү каралган.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2026-жылы республикалык казынанын эсебинен борбор калаада 20 мектептин курулушу башталган.