Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкек шаарында Улуттук шахмат академиясы расмий ишин баштады. Анын ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, академияда жаш шахматчыларды окутуу жана машыктыруу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Ачылыш аземинде Адылбек Касымалиев шахматчылардын ата-энелери менен жолугуп, балдар менен жаштардын интеллектуалдык жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле Адылбек Касымалиев борбордук шахмат тактасында символикалык биринчи жүрүш жасап, академиянын ишине расмий старт берди.

Академиянын негизги максаты — эл аралык деңгээлдеги шахматчыларды системалуу даярдоо, таланттуу жаштарды аныктап, колдоо жана өлкөдө шахмат кыймылын өнүктүрүү болуп саналат.

Касымалиевдин айтымында, президенттин жарлыктары Кыргызстанда шахматты өнүктүрүүгө жаңы дем берди. Учурда өлкөнүн 500 мектебинде 3–5-класстын окуучулары үчүн “Мектептерде шахмат” долбоору пилоттук негизде ишке ашырылууда.

“Улуттук шахмат академиясы таланттуу шахматчыларды даярдоонун маанилүү борборуна айланат жана Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу көрсөтө алган жаңы муундагы спортчуларды тарбиялоого салым кошот”, — деди Министрлер кабинетинин төрагасы.

Жаңы академия жаш шахматчыларды окутуу жана даярдоо, машыгууларды жана мелдештерди өткөрүү, ошондой эле Кыргызстанда шахмат спортун мындан ары өнүктүрүү үчүн аянтча болуп калды.

Мындан тышкары окуңуз

7-8-ноябрдагы майрам күндөр - дем алышка туш келди: кызматкерлер кандай иштейт?

7-8-ноябрдагы майрам күндөр - дем алышка туш келди: кызматкерлер кандай иштейт?

Кыргызстанда 7–8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү. Бул күндөр мамлекеттик майрам болгону менен, мыйзам боюнча жумуш күндөрү болуп эсептелет. Бул тууралуу Социалдык-эмгек мамилелерин изилдөө борборунан (ЦИСТО) билдиришти. Борбордун түшүндүрмөсүнө ылайык, жумасына беш күн иштеген кызматкерлер үчүн 7–8-ноябрь кадимки дем алыш күндөрү болот. Ал эми

Ишкер Media
Өлкөдө пенсия курагындагы мугалимдердин саны айтылды

Өлкөдө пенсия курагындагы мугалимдердин саны айтылды

Пенсия курагындагы мугалимдер өлкөдөгү жалпы педагогикалык жамааттын 15,5 пайызын түзөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен "Ишкер медиага" билдиришти. Министрликтин маалыматы боюнча мугалимдердин жетишсиздиги Бишкек жана Чүй облустары. "Өлкөдө негизинен 588 мугалим жетишпейт. Алар тарых, орус тили математика, информатика физика предметтерин берген мугалимдер. Ал эми өлкө боюнча жалпы

Ишкер Media
Бишкекте корей маданиятынын жана улуттук ашканасынын фестивалы өтөт

Бишкекте корей маданиятынын жана улуттук ашканасынын фестивалы өтөт

7-ноябрда саат Курманжан датканын эстелигинин жанындагы сейилдөө аллеясында “Кимчи” аталышындагы фестиваль өтөт. Иш-чараны Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурууда. Шаардык мэриянын маалыматына караганда, фестивалдын максаты — борбор калаанын тургундарын жана конокторун Кореянын каада-салттары, маданияты жана улуттук ашканасы менен тааныштыруу болуп саналат. Ошондой эле

Ишкер Media
Ысык-Көлдөн 60 килограмм таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн 60 килограмм таштанды чыгарылды

27-28-октябрь күндөрү Ысык-Көлдүн акваториясынан 4600 метр эски синтетикалык тор жана 60 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тазалоо иштери Түп районунун Кудургу, Кичи-Өрүктү жана Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү, Григорьевка айылдарынын акваториясында жүргүзүлдү. Жалпысынан 2026-жылдын башынан бери Ысык-Көлдөн 56

Ишкер Media