Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Бишкекте милиция кызматкерлери социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда белгисиз аял киши эркек кишини кайырчылык менен алектенүүгө калтырып кеткен учурдун видеосун аныктады. Ага ылайык, бул факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын маалыматтарды электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, текшерүүнүн катыйжасында, видеодогу жаран 2009-жылы туулган, чет өлкөлүк жашы жете элек - А.А. экени аныкталган. Ал кыз өзү кайырчылык кылган эмес, бирок эркек кишини кайырчылык менен алектенүүгө калтырып кетип турган.

Ушундан улам, жашы жете элек кыз менен профилактикалык жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ага мыйзам талаптары жана коомдук тартипти сактоонун маанилүүлүгү түшүндүрүлүп берилди. Андан соң кыз Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Андан ары ал - жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу борборуна (ЦППН) жайгаштыруу үчүн жөнөтүлгөн.


Белгилей кетсек, Бишкек шаарында кайырчылык фактыларынын алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында “Кайырчылык” аттуу рейддик иш-чаралар өткөрүлүп, милиция кызматкерлери жолдордо, кесилиштерде, коомдук жайларда жана эл көп топтолгон аймактарда кайырчылык менен алектенген адамдарды аныктап турушат. Ошондой эле ИИББ жарандарды сак болууга чакырып, мыйзамдуулугу күмөн жараткан адамдарга акча бербөөнү сунуштап, мындай фактылар катталса, “102” кызматына кайрылууга чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

7-8-ноябрдагы майрам күндөр - дем алышка туш келди: кызматкерлер кандай иштейт?

7-8-ноябрдагы майрам күндөр - дем алышка туш келди: кызматкерлер кандай иштейт?

Кыргызстанда 7–8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү. Бул күндөр мамлекеттик майрам болгону менен, мыйзам боюнча жумуш күндөрү болуп эсептелет. Бул тууралуу Социалдык-эмгек мамилелерин изилдөө борборунан (ЦИСТО) билдиришти. Борбордун түшүндүрмөсүнө ылайык, жумасына беш күн иштеген кызматкерлер үчүн 7–8-ноябрь кадимки дем алыш күндөрү болот. Ал эми

Ишкер Media
Өлкөдө пенсия курагындагы мугалимдердин саны айтылды

Өлкөдө пенсия курагындагы мугалимдердин саны айтылды

Пенсия курагындагы мугалимдер өлкөдөгү жалпы педагогикалык жамааттын 15,5 пайызын түзөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен "Ишкер медиага" билдиришти. Министрликтин маалыматы боюнча мугалимдердин жетишсиздиги Бишкек жана Чүй облустары. "Өлкөдө негизинен 588 мугалим жетишпейт. Алар тарых, орус тили математика, информатика физика предметтерин берген мугалимдер. Ал эми өлкө боюнча жалпы

Ишкер Media
Бишкекте корей маданиятынын жана улуттук ашканасынын фестивалы өтөт

Бишкекте корей маданиятынын жана улуттук ашканасынын фестивалы өтөт

7-ноябрда саат Курманжан датканын эстелигинин жанындагы сейилдөө аллеясында “Кимчи” аталышындагы фестиваль өтөт. Иш-чараны Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурууда. Шаардык мэриянын маалыматына караганда, фестивалдын максаты — борбор калаанын тургундарын жана конокторун Кореянын каада-салттары, маданияты жана улуттук ашканасы менен тааныштыруу болуп саналат. Ошондой эле

Ишкер Media
Ысык-Көлдөн 60 килограмм таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн 60 килограмм таштанды чыгарылды

27-28-октябрь күндөрү Ысык-Көлдүн акваториясынан 4600 метр эски синтетикалык тор жана 60 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тазалоо иштери Түп районунун Кудургу, Кичи-Өрүктү жана Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү, Григорьевка айылдарынын акваториясында жүргүзүлдү. Жалпысынан 2026-жылдын башынан бери Ысык-Көлдөн 56

Ишкер Media