Биздин чет өлкөлөрдө эс алуубузга салыштырмалуу туристтер Кыргызстанда 1,9 эсе көп каражат коротушту

Биздин чет өлкөлөрдө эс алуубузга салыштырмалуу туристтер Кыргызстанда 1,9 эсе көп каражат коротушту

Кыргызстандыктар өздөрү чет өлкөлөрдө эс алуу үчүн короткон каражаттарга караганда туристтер республикабызда 1,9 эсеп көп каражат коротушту. Улуттук статистикалык комитеттин маалымдамасында ушундайча айтылат.

Аталган комитеттин бидиргенине караганда, туристтердин Кыргызстанда короткон каражаттарынын көлөмү 528, 3 миллион долларды түздү. Бул 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын деңгээлинде. Биздин атуулдар чет өлкөлөрдө 284,8 миллион коротушту (өсүш 0,3 пайыз).

Кыргызстандын туризм тармагында 2026-жылдын 1-июлунда 158, 2 миң чарба субъектилери иштеген. Негизинен алар Бишкек жана Ош шаарларында жана 2 областта – Ош, Чүйдө жайгашкан. Рекреация жана эс алуу тармагында 26, 2 миң субъект кызмат көрсөткөн.:

  • Бишкек - 8, 1 миң (23 пайыз).
  • Ысык-Көл облусу -2,3 миң (13,2 пайыз).

Туризм жаатындагы кызмат көрсөткөн жеке ишкерлер 139,9 миң адам. Конок үй жана отелдерде жарым жыл ичинде 682 миң адам токтогон, бул 2025-жылга салыштырмалуу 48,5 пайызга көп.

Тосуп алуу жана кызмат көрсөтүүдө биринчи жарым жылдыкта 604 уюм иштеген. Алардын ичинде 367 конок үйү, 99 санатория, пансионаттар, эс алуу базалары, 12 жаратылыш паркы жана коруктар бар.

Инвестиция жана көрсөтүлгөн кызматтар

Туризм объектилерин куруу, кайра куруу жана оңдоп-түзөөгө биринчи жарым жылда 15, 9 миллиард сом жумшалды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,3 эсеге көп. Алардын өлчөмү инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 7,8 пайызын түзүп, өткөн жылга караганда 9,7 пайыз көп.

Туристтик жана аны коштогон кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү жана динамикасы: 6 ай ичинде

  • Ресторандар жана тамактануучу жайлар жыл башынан тартып 6 ай ичинде 9 миллиард сомго кызмат көрсөткөн.
  • Туристтерди ташуу 18,1 пайызга жогорулап, 6,7 миллиард сом алып келди.
  • Мейманканалар жана кыска убакытка токтоочу жайлар 4 миллард сомго кызмат көрсөтүштү ( 16,4 пайыз көп).
  • Сантория-курорттук кызматтар 0,5 пайызга өсүп, 682,3 миллион сом алып келген.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media