Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балык уулоого үч жылдык чектөө киргизилди

Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балык уулоого үч жылдык чектөө киргизилди

Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балык запастарын сактоо жана көбөйтүү максатында балык уулоого уруксат берүү үч жылга убактылуу токтотулат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Билдирүүгө караганда, тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Чектөө жасалма балык өстүрүү, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо, илимий изилдөөлөр жана башка атайын иштерге тиешелүү эмес.

Мораторий учурунда көлдөргө Ысык-Көл форели, сиг-лудога жана карп-сазан балыктарын жасалма көбөйтүү иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле Соң-Көлдө балыктардын айрым түрлөрүнүн санын жөнгө салуу каралган.

Токтом расмий жарыялангандан 10 күн өткөн соң күчүнө кирет. Толук маалымат көрсөтүлгөн шилтемеде: https://www.gov.kg/ky/npa/s/4847

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөгө ак кантты ташып киргизүүгө 6 айлык тыюу салынды

"Баатыр энелерге" берилүүчү пенсиялык кошумча төлөм көбөйтүлөт

Акция: DemirBank ишкер айымдар үчүн жылдык 13,99% чен менен Demir Айым онлайн-бизнес-кредитин ишке киргизди

Кыргызстан AFoCO менен токой чарбасын өнүктүрүү боюнча кызматташат

Сузакта "Көк-Жаңгак" көмүр кениндеги мыйзамсыз казуу иштери токтотулду