Акция: DemirBank ишкер айымдар үчүн жылдык 13,99% чен менен Demir Айым онлайн-бизнес-кредитин ишке киргизди
Бүткүл дүйнөлүк аялдардын ишкердигин колдоо күнүнө карата DemirBank Кыргызстанда өз бизнесин жүргүзгөн айымдарды колдоого багытталган атайын сунушту — Demir Айым бизнес-кредитин сунуштайт.
Аталган сунуштун алкагында ишкер айымдар өз бизнесин өнүктүрүү үчүн жылдык 13,99% чен менен 300 000 сомго чейин насыя ала алышат.
Demir Айым кредитин DemirBank мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн тариздөөгө болот. Күрөө, кепилдик берүүчү, кагаз түрүндөгү документтер жана банктын бөлүмүнө баруу талап кылынбайт. Кредит каражаттарын:
- товарларды жана чийки заттарды сатып алууга,
- жүгүртүү каражаттарын толуктоого,
- жабдууларды сатып алууга же жаңылоого,
- бизнести кеңейтүүгө,
- жаңы соода түйүндөрүн ачууга пайдаланууга болот.
Demir Айым кредитинин негизги шарттары:
· Пайыздык чен — жылдык 13,99%;
· Кредиттин суммасы — 5 000 сомдон 300 000 сомго чейин;
· Кредиттин мөөнөтү — 6 айдан 36 айга чейин.
Өтүнмөлөр кардардын төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоонун негизинде автоматтык түрдө каралат. Кредитти тариздөө учурунда ишкер айымдар ай сайын төлөм жүргүзүү үчүн өздөрүнө ыңгайлуу күндү тандай алышат. Ошондой эле кредитти автоматтык түрдө төлөө мүмкүнчүлүгү каралган.
Demir Айым бизнес-кредитин Кыргыз Республикасынын жараны болгон, жеке ишкер катары катталган жана DemirBankта жеке ишкердин эсеби бар же аны онлайн ачууга даяр аялдар ала алышат.
Мындан тышкары, DemirBank жеке ишкердикти түздөн-түз банктын мобилдик тиркемеси аркылуу каттоо мүмкүнчүлүгүн да сунуштайт. Бул жол-жобо болжол менен бир мүнөткө созулуп, банкка барбастан эле бизнес үчүн банктык кызматтарды пайдаланууга шарт түзөт.
Demir Айым насыясынын ишке киргизилиши — DemirBankтын ишкерлер үчүн санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана Кыргызстандагы аялдардын ишкердигин колдоо боюнча жүргүзүп жаткан ишинин бир бөлүгү.
ЖЭПЧ - 15,2%. Лиц. КРУБ №035