Сузакта "Көк-Жаңгак" көмүр кениндеги мыйзамсыз казуу иштери токтотулду

Сузакта "Көк-Жаңгак" көмүр кениндеги мыйзамсыз казуу иштери токтотулду

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы "Көк-Жаңгак" көмүр кенинин "Түлөк" участогунда мыйзамсыз көмүр казуу жана сатуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" ААК билдирди.

Маалыматка караганда, ишкананын "Түштүк" филиалынын өкүлдөрү Маркай айылына барып, кендин аймагында текшерүү жүргүзүшкөн. Анын жүрүшүндө айрым жарандар лицензиялык тилкеде жана ага чектеш аймактарда мыйзамсыз көмүр казып, сатып жатканы белгилүү болгон.

Мыйзамсыз казуу иштерин токтотуу максатында Сузак райондук администрациясынын, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда түшүндүрүү жана эскертүү иштери жүргүзүлгөн.

Натыйжада мыйзамсыз көмүр казылып жаткан жайларды жабуу жана бул иштерди токтотуу боюнча чаралар көрүлгөн.

Адистер мындай мыйзамсыз аракеттер техникалык коопсуздукка коркунуч жаратып, адам өмүрүнө жана айлана-чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн экенин эскертишет.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто капиталдык оңдоодон өткөн дагы бир бала бакча ачылды

Новопавловкада таза суу убактылуу өчүрүлөт

Көмүрдүн сапаты абанын булганышына канчалык таасир этет?

Каржы пирамидаларын уюштургандарга жазаны катаалдаштыруу сунушталууда

Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң жолунун курулуш иштери 62% бүттү