Кыргызстан кофени импорттоону 50 пайыздан ашыкка көбөйттү
Кыргызстан 2026-жылы 9 ай ичинде 3 өлкөдөн 199,3 тонна кофе импорттоду. Бул өткөн жыл боюнча салыштырганда көп. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 2025-жылы жыл ичинде импорттун көлөмү 131 тоннаны түзгөн, 2024-жылы болсо 117,8 тонна алынып келинген. Бул жылы 9 ай ичинде 2025-жылга караганда 52,2 пайыз көп импорттолгон. 2024-жылга караганда 70 пайызга көп.
Башкы камсыздоочу Өзбекстан болду, ал жактан 94,9 тонна алынып келинген. Андан кийинки орунда Литва 49,6 тонна, Латвия 20 тонна, Эстония 13, 2 тонна, Италия 4,9 тонна, Түркия 4,7 тонна, Улуу Британия 4,2 тонна экспорттогон.
Ошондой эле Германия, Румыния, Сингапур, Франция, БАЭ, Угандыдан да алынып келинген. 2024-жылга салыштырмалыуу импорттун көлөмү 81,5 тоннага өскөн.