РФдагы кыргыз жарандарынын төлөнбөй келген эмгек акылары төлөнүп берилди

РФдагы кыргыз жарандарынын төлөнбөй келген эмгек акылары төлөнүп берилди

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин РФдагы Өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын 10 жаранынан “УМК” ЖЧКсы тарабынан эмгек акынын төлөнбөй жаткандыгы боюнча жамааттык кайрылуу келип түшкөн. Бул боюнча Өкүлчүлүк тийиштүү иш жүргүзүп, түзүлгөн кырдаалды сотко чейинки тартипте жөнгө салуу боюнча иш берүүчү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Эмгек министрлигинин билдирүүсүнө караганда, жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жана жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгында, 30-сентябрда кайрылган жарандарга эмгек акы боюнча карыз төлөнүп, анын жалпы суммасы 1 млн 872 миң рублди түздү.

Өкүлчүлүк Россия Федерациясында жүргөн КРнын жарандарынын эмгек укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле эмгек талаш-тартыштарын колдонуудагы мыйзамдардын алкагында жөнгө салууга көмөк көрсөтүү боюнча иштерди улантууда.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда бир күндө 17 мектеп жана 3 бала бакча ачылды

Кыргызстанда бир күндө 17 мектеп жана 3 бала бакча ачылды

Бүгүн, Кыргызстан боюнча 17 жаңы мектеп жана 3 бала бакча, жалпы 20 социалдык объект пайдаланууга берилди. Алар Бишкек шаарында, Ош жана Манас шаарларында, ошондой эле Ноокен, Тон, Алай жана Айтматов райондорунда курулган. Бишкек шаарындагы Патрис Лумумба көчөсүндө курулган №83 орто мектептин ачылышына МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Калган 16 мектеп

Ишкер Media
"Бала ырысы" жөлөк пулун 250 миңден ашык үй-бүлө алууда

"Бала ырысы" жөлөк пулун 250 миңден ашык үй-бүлө алууда

Үч жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган "Бала ырысы" мамлекеттик программасы ишке киргенден бери жөлөк пул алуучулардын саны туруктуу өстү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлайт. Маалымдалгандай, 2026-жылдын июль айында жөлөк пул алуучулар 191 796 болсо, сентябрь айында 232 529, ал эми

Ишкер Media
Жыргалаңдагы кластер үчүн “Ала-Тоо Резорт” 35 миллион сомдук тендер жарыялады

Жыргалаңдагы кластер үчүн “Ала-Тоо Резорт” 35 миллион сомдук тендер жарыялады

Ысык-Көлдүн Жыргалаң айылындагы төрт мезгилдүү кластер үчүн атайын техника жана материалдык-техникалык каражаттарды сатып алууга "Ала-Тоо Резорт" акционердик коому тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк департаменти билдирди. Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин маалыматына ылайык, жалпы суммасы 35,4 миллион сом. Товарлар 20-ноябрдан кечиктирилбей жеткирилиши керек. Департаменттин

Ишкер Media
Кара тумоо дарты кайдан жугат, кантип алдын алса болот?

Кара тумоо дарты кайдан жугат, кантип алдын алса болот?

Дүйнөдөгү эң оор оорулардын бири бул - кара тумоо (чума). Учурунда андан миллиондогон адамдар көз жумган. Дартты кара тумоо таякчасынын бактериялары козгойт. Бул тууралуу Республикалык карантиндик жана кооптуу жугуштуу оорулар борборунун эпидемиологу Кубанычбек Бектурдиев билдирди. Ишкер Медиа - аталган оору кайдан кантип жугары, оору белгилери жана сактануу жолдору тууралуу адистин билдирүүсүнүн негизинде

Ишкер Media