Кара тумоо дарты кайдан жугат, кантип алдын алса болот?
Дүйнөдөгү эң оор оорулардын бири бул - кара тумоо (чума). Учурунда андан миллиондогон адамдар көз жумган. Дартты кара тумоо таякчасынын бактериялары козгойт. Бул тууралуу Республикалык карантиндик жана кооптуу жугуштуу оорулар борборунун эпидемиологу Кубанычбек Бектурдиев билдирди.
Ишкер Медиа - аталган оору кайдан кантип жугары, оору белгилери жана сактануу жолдору тууралуу адистин билдирүүсүнүн негизинде даярдалган төмөнкү маалыматты эске ала жүрүү үчүн сунуштайт.
