Ош шаарынын күнүндө төрөлгөн ымыркайларга белек берилди
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин демилгеси менен 5-октябрь - Шаар күнүндө төрөлгөн ымыркайларга сүйүнчү бокстар тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, мэр өзү даярдаган белектерди төрөтканага барып, энелерге тапшырып, балдардын абалынан кабар алды.
Ош шаардык төрөт стационарында 5-октябрда 38 бөбөк жарык дүйнөгө келген. Жанар Акаев бул жөрөлгө жыл сайын уланарын билдирди.