Коомдук талкуу: жумуш издегендерден ишке орноштуруу үчүн акы алууга тыюу салынат
Кыргызстанда жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин ишин жөнгө салган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документтин максаты — агенттиктердин ишин мыйзамдык негизде тартипке келтирүү, жумуш издегендердин жана кызматкерлердин укуктарын коргоо жана эмгек рыногун өнүктүрүү.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бул долбооруна ылайык, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктерине жумуш издегендерден ишке орноштурганы үчүн акы, комиссия же башка төлөмдөрдү алууга тыюу салынат. Агенттиктин кызмат акысы иш берүүчү тарабынан төлөнөт. Айрым кошумча кызматтар, мисалы, резюме түзүү же окутуу үчүн гана белгиленген шарттарда акы алууга уруксат берилиши мүмкүн.
Чет өлкөгө жумушка орноштуруу менен алектенген агенттиктер лицензия алышы керек болот. Лицензияны 5 жылга берүү сунушталууда. Кыргызстандагы иш берүүчүлөр үчүн кадр тандаган агенттиктер лицензия албайт, бирок атайын реестрге катталып, квартал сайын отчет берип турушу керек.
Мындан тышкары, чет өлкөгө жумушка жөнөтүлгөн жарандардын коопсуздугу үчүн агенттиктерден кепилдик төгүмүн киргизүү сунушталууда. Бул каражат келишим мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда жаранды Кыргызстанга кайтаруу жана башка форс-мажордук чыгымдарга колдонулушу мүмкүн.
Агенттик менен кардардын ортосундагы кызмат көрсөтүү жазуу жүзүндөгү келишимдин негизинде гана жүргүзүлөт. Анда кызматтын мазмуну, мөөнөтү, акысы, тараптардын жоопкерчилиги жана келишим аткарылбай калганда каражатты кайтаруу тартиби көрсөтүлөт.
Авторлордун баамында, мыйзам долбоору кабыл алынса, жумуш издегендердин чыгымы азайып, ишке орноштуруу кызматтарына жеткиликтүүлүк кеңейет. Ошондой эле кызматкерлер үчүн бирдей эмгек акы жана эмгек шарттарынын кепилдиктерин киргизүү басмырлоонун алдын алууга, мамлекеттик көзөмөл болсо эмгек эксплуатациясын жана мыйзамсыз миграцияны аныктоого жардам берери күтүлүүдө.