Кыргызстандын аэропорттору былтыр 6 млн ашуун жүргүнчүнү тейледи

Кыргызстандын аэропорттору былтыр 6 млн ашуун жүргүнчүнү тейледи

Кыргызстанда жарандык авиация өлкөнүн транспорттук жана социалдык инфраструктурасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Жыл сайын 7- октябрда Жарандык авиация күнү белгиленет. Бүгүн Улуттук статистика комитети аталган тармактын майрамын утурлай, алардын ишин цифралар менен чагылдырып берди.

Билдирүүгө карата бүгүнкү күндө “Кыргызстандын аэропорттору” ААКсынын курамында 11 аэропорт бар. Анын ичинен 6сы эл аралык, 5өө аймактык аэропорт болуп саналат. 2025-жылы Кыргызстандын аэропорттору 6 млн ашык жүргүнчүгө кызмат көрсөткөн.

2025-жылы “Манас” эл аралык аэропорту жана өлкөнүн башка аймактык аэропорттору өлкөдөгү бардык аэропортторду башкарган бирдиктүү мамлекеттик корпорация - “Кыргызстандын аэропорттору” ААКсынын курамына бириктирилген.

Кыргызстандын башкы аба дарбазасы – “Манас” эл аралык аэропорту болуп саналат. Ал эл аралык жана ички каттамдарды тейлейт, учактардын бардык түрүн кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле аэропорт аймактагы эң узун асфальтталган учуу-конуу тилкелеринин бирине ээ.

“Манас” эл аралык аэропортунун түзүмүнө - Ош, Ысык-Көл, Каракол жана Баткен аэропорттору кирет. Ал эми Жалал-Абад, Исфана, Кербен, Казарман, Нарын жана Талас аэропорттору аймактык филиалдар катары иштеп, ички каттамдарды тейлейт.

Мындан тышкары, 2025-жылы улуттук авиакомпаниялардын каттамдары менен 1,8 млн жүргүнчү ташылган. Анын ичинен 42% эл аралык, 58% ички каттамдарга туура келген.

Мындан тышкары окуңуз

Коомдук талкуу: жумуш издегендерден ишке орноштуруу үчүн акы алууга тыюу салынат

Коомдук талкуу: жумуш издегендерден ишке орноштуруу үчүн акы алууга тыюу салынат

Кыргызстанда жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин ишин жөнгө салган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документтин максаты — агенттиктердин ишин мыйзамдык негизде тартипке келтирүү, жумуш издегендердин жана кызматкерлердин укуктарын коргоо жана эмгек рыногун өнүктүрүү. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бул долбооруна ылайык, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктерине жумуш издегендерден ишке

Ишкер Media
18 миллион сомдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүү аракетти бөгөттөлдү

18 миллион сомдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүү аракетти бөгөттөлдү

Өлкөгө уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлуп, алынган товардын баасы 18 миллион сомдой экенин Бишкек ШИИББден кабарлашты. Маалыматка ылайык, чет мамлекеттик каттоо белгилери бар Toyota Land Cruiser унаасы токтотулуп, андагы түйүнчөктөр менен кутулар текшерилген.  Билдирүүгө караганда, унаадан жалпы 358 даана уюлдук телефон, анын ичинен 249 даана iPhone, 109

Ишкер Media
“Колумдан баары келет, мүмкүнчүлүгүм да бар, бирок...” - таластык ишкердин Президентке жеткире албай жүргөн арманы

“Колумдан баары келет, мүмкүнчүлүгүм да бар, бирок...” - таластык ишкердин Президентке жеткире албай жүргөн арманы

Талас районунун Манас айылынын тургуну, 56 жаштагы ишкер Марс Ботиков өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн мал чарбачылыгына, дыйканчылыкка жана ишкерликке арнаган. Беш баланын атасы өз күчү менен фермердик чарбасын түптөп, асыл тукум малды көбөйтүп, сүт өндүрүшүн жолго коюп, келечекте сүттү кайра иштетүүчү завод ачууну пландап келет. Бирок анын айтымында, бул пландарын ишке

Ишкер Media
Ошто окуучулар үчүн акысыз автобустар ишке кирди

Ошто окуучулар үчүн акысыз автобустар ишке кирди

Ош шаарында мектептен алыс жашаган окуучулар үчүн алгачкы атайын балдар автобустары каттамга чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Бүгүн шаар мэри Жанарбек Акаев окуучулар менен бирге автобуста жүрүп, анын шарттары менен таанышты. Мэрдин айтымында, автобуска 28 окуучу батат. Азырынча тестирлөө үчүн 2 автобус иштеп жатат. Жакынкы айларда дагы

Ишкер Media