Asman Airlines авиакомпаниясынын авиапаркын кеңейтүүгө 5 млрд 836 миллион сомдон бөлүндү
Asman Airlines авиакомпаниясынын авиапаркын кеңейтүүгө быйыл 5 млрд 836 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 7-октябрда Жарандык авиация күнүнө арналган иш-чаранын алкагында “Манас” эл аралык аэропортунда түзүлгөн жаңы шарттар менен таанышып жатып айтты.
“Биз аэропортторду жаңылоо менен Кыргызстандын авиациялык системасын жаңылап жатабыз. “Манас” эл аралык аэропортунда аэродромдун элементтери жаңыланып, жарык берүүчү система модернизацияланды. “Манас-2” аэробекет комплекси толугу менен реконструкцияланды. Биздин авиапарк да жаңыланууда. Asman Airlines авиакомпаниясынын авиапаркын кеңейтүүгө быйыл 5 млрд 836 млн сомдон ашык каражат бөлүндү. Биз улуттук авиакомпаниябыздын атаандаштыкка жөндөмдүү болушун каалайбыз. Бул тапта мамлекет Airbus 321 үлгүсүндөгү эки учак сатып алат. Максат – кыргыз авиакомпаниялары дүйнөнүн алдыңкы багыттарына коопсуз, сапаттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү кызмат көрсөтө ала турган деңгээлге жетүү”, - деди Адылбек Касымалиев.
Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы 2024-жылы 27-сентябрдан баштап өлкөнүн ичинде бардык багыттар боюнча ички каттамдарды аткара баштаган. Талас, Нарын, Караколго аба каттамдары ачылган.