18 миллион сомдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүү аракетти бөгөттөлдү
Өлкөгө уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлуп, алынган товардын баасы 18 миллион сомдой экенин Бишкек ШИИББден кабарлашты. Маалыматка ылайык, чет мамлекеттик каттоо белгилери бар Toyota Land Cruiser унаасы токтотулуп, андагы түйүнчөктөр менен кутулар текшерилген.
Билдирүүгө караганда, унаадан жалпы 358 даана уюлдук телефон, анын ичинен 249 даана iPhone, 109 даана Samsung жана 2 даана LG, ошондой эле зымсыз кулакчындар алынган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, алынган товардын жалпы баасы болжол менен 17,9 миллион сомду түзөт.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө уюлдук аппараттар Кыргызстанга тиешелүү бажылык жол-жобосуз, төлөмсүз алынып келгени аныкталган.
Алдын ала тергөөгө ылайык, уюлдук телефондорду Алматыдан Кыргызстанга алып өтүү үчүн чет мамлекеттин жарандарын тартылган. Аларга ар бир даана товар үчүн акчалай сый акы сунушталган.