2027-жылдын 1-февралына чейин Кыргызстанда алманын импортуна тыюу салуу сунушталды
Кыргызстанда ата мекендик багбанчылык чарбаларын колдоо максатында алманы импорттоого убактылуу тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, үчүнчү өлкөлөрдөн жана ЕЭБ мүчө мамлекеттерден Кыргызстанга алма алып келүүгө 2027-жылдын 1-февралына чейин чектөө киргизүү каралган.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө мөмө берүүчү алма бактарынын аянты 26 миң 324 гектарды түзөт. Ага ылайык, 2026-жылы 179 миң 393 тонна алма жыйноо болжолдонууда.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын январь–август айларында Кыргызстанга 6 миң 438,9 тонна алма импорттолгон. Бул 2025-жылдагы жалпы импорттун көлөмүнөн 2,18 эсе көп. Ал эми ушул жылдын сегиз айында алманын экспорту 10 миң 779,52 тоннаны түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,3% азайган.
Ошол эле учурда ички рынокто алманын көлөмүнө жана бааларына ай сайын мониторинг жүргүзүү сунушталууда. Эгер алма жетишсиз болуп калуу коркунучу жаралса, тыюуну мөөнөтүнөн мурда алып салуу же өзгөртүү маселеси каралат.
Токтом расмий жарыялангандан жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирери белгиленген.