Касымалиев күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрдү
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Жыйында энергетикалык абал, жылуулук менен камсыздоочу ишканаларды жана бюджеттик мекемелерди кышка даярдоо, отун менен камсыздоо жана калкты көмүр менен камсыздоо маселелери каралды.
Маалыматка ылайык, 2026-жылы республика боюнча электр энергиясын керектөө 19,6 млрд кВтс болот деп күтүлүүдө. Анын 15,5 млрд кВтсы өлкөдө өндүрүлсө, калган 4,1 млрд кВтсы сууну үнөмдөө максатында импорттолот.
Ошондой эле бюджеттик мекемелер үчүн 319,4 миң тонна, калк үчүн 1483,6 миң тонна көмүр керектелет. Бишкек жана Ош ЖЭБдерин отун менен камсыздоо план боюнча жүрүп жатат. Бирок калк көмүрдү кеч сатып алгандыктан, кезек жана баа өсүшү жаралбашы үчүн өз убагында камсыздоо тапшырылды.
Жыйындын соңунда Касымалиев бардык жетекчилердин жеке жоопкерчилигин белгилеп, жылытуу мезгилине даярдык иштерин график боюнча сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.