Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат
Өлкө башчысы Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Ал белгилегендей, мамлекет башчысынын сапары бүгүн башталып, эки күнгө созулат.
Сапардын алкагында мамлекет башчысы Баткен облусунун жергиликтүү тургундары менен жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын модернизацияланган объектилери менен таанышат.