Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда.
2025-жылы салыктык түшүүлөр 309 млрд сомду түзүп, 268 млрд сомдук план ашыгы менен аткарылган.
Ысабеков ак ниет ишкерлерге кошумча жүк жаратпай, көмүскөдөгү резервдерди аныктоо иштери уланарын кошумчалады.