Кыргыз-герман кызматташтыгы ар тараптуу өнүгүү багытында
Бүгүн, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Эльвира Сурабалдиева Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Моника Ленхард менен жолугушту.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, жолугушууда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечеги, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле билим берүү, маданий-гуманитардык тармактардагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
Эльвира Сурабалдиева Кыргызстан Германия менен калыптанган өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин белгилеп: “Бизди өз ара ишенимге негизделген саясий диалог, узак мөөнөттүү долбоорлор, ошондой эле туруктуулукка жана өнүгүүгө болгон жалпы умтулуу бириктирип турат”, – деди.
Жолугушууда тараптар билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтык маселелерин да талкуулашты. Эльвира Сурабалдиева германиялык уюмдардын колдоосу менен Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан айрым билим берүү жана академиялык программаларды каржылоо кыскарышы мүмкүн экенине тынчсыздануусун билдирип, аталган долбоорлорду колдоонун альтернативдүү механизмдерин карап чыгууну сунуштады.
Өз кезегинде Германиянын элчиси Моника Ленхард да кыргыз-герман кызматташтыгын саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле эки тараптуу байланыштарды чыңдоого жана конструктивдүү диалогду улантууга кызыкдар экенин жүйө келтирди.
Айрыкча билим берүү тармагындагы кызматташтыкка токтолгон элчи Германия тарап билим берүү жана академиялык программаларды колдоону улантууга даяр экенин белгиледи. Мындан тышкары, тажрыйба алмашуунун, квалификациялуу адистерди даярдоонун, студенттер менен окутуучулар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнүн маанисин кошумчалады.
