ИИМ эскертет: Мессенджерден арзан унаа издеп, алдамчыларга кабылбаңыз
Бишкек шаардык ИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгы санариптик мейкиндиктеги кезектеги алдамчылык схемасы боюнча кыргызстандыктарга эскертүү жарыялады. Билдирүүгө караганда, акыркы кездерде социалдык тармактарда жана мессенджерлерде жок эле унааларды сатып, жарандарды сызга отургузган фактылар көбөйдү.
Тартип сакчылардын маалыматына ылайык, алдамчылардын негизги тактикасы жана схемасы төмөндөгүдөй болот:
- Төмөн баа жана таза сүрөттөр сунушталат: Кылмышкерлер кардарды тартуу үчүн унаалардын баасын базар баасынан бир топ төмөн көрсөтүшөт. Алар интернеттеги реалдуу унаалардын сүрөттөрүн уурдап, техникалык абалы, басып өткөн жолу жана документтери тууралуу жалган маалыматтарды жазышат.
- Алдын ала төлөм жана күрөө талап кылынат: Төлөмдү унааны брондоо, чет өлкөдөн алып келүү, документтерди тариздөө же сатып алуучунун ниети олуттуу экенин далилдөө шылтоосу менен сурашат.
- Байланыштын үзүлүшү: Акча колго тийгенден кийин алдамчылар жазышкан каттарды өчүрүп, кардарды блокко киргизишет же ар кандай шылтоолор менен дагы кошумча акча талап кыла беришет.