ИИМ жол кыймылына жаңы программа сунуштоодо

ИИМ жол кыймылына жаңы программа сунуштоодо

Ички иштер министрлиги жол кыймылынын коопсуздугуна байланыштуу 2030-жылга чейинки жаңы программаны сунуштоодо. Коомдук талкууга чыгарылган документ жол-транспорт кырсыктарынын санын азайтууга, өлүмдүн деңгээлин төмөндөтүп, жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталганы белгиленген.

"Кыргызстанда жети айда жол кырсыгынан 464 адам каза болду. Ал эми 2025-жылы 8456 жол-транспорт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 900 адам каза болду. 12 169 адам жабыркады. 2024-жылга салыштырмалуу жол-транспорт кырсыктарынын саны 18,8 пайызга, каза болгондордун саны 21,1 пайызга, ал эми жабыркагандардын саны 15,9 пайызга өскөн", - деп билдирет маалымат кызмат.

Документте көрсөтүлгөндөй, кырсыктардын деңгээлин жана алардын кесепеттеринин оордугун төмөндөтүү үчүн негизги 9 багытта иш алып баруу каралган. Алардын ичине жол инфраструктурасынын коопсуздугун жогорулатуу жана авариялык-коркунучтуу тилкелерди жоюу, ал үчүн заманбап инженердик чечимдерди колдонуу, мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү, айдоочуларды даярдоо жана экзамен тапшыруу системасын өркүндөтүү, жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу бар.

"Программанын артыкчылыктуу багыттарынын бири – айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатуу, жол кыймылынын коопсуздугу боюнча талаптардын сакталышын контролдоону күчөтүү, калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана жол кыймылынын бардык катышуучуларынын жоопкерчиликтүү жүрүм-турумун калыптандыруу аркылуу жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу системасын өркүндөтүү", - деп жазылган документте.

Соңку жылдары өлкөдө жол кырсыктары көп катталууда. 16-сентябрда эле Бишкек-Ош автожолунун 167-чакырымында алты адам мүрт кетип, дагы үч киши жаракат алган. 1-сентябрда ошол эле Бишкек-Ош автожолунда алты адамдын өмүрү кыйылган.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын Ишкаван айылында жаңы мектептин курулушу 85%га бүткөрүлдү. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык наркы 640 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, мектеп үч кабаттуу болуп, жалпы аянты 5613 чарчы метр. Имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн да шарттар каралган. Ичинде заманбап

Ишкер Media
“Ак-Жол” пунктунда товарларды мыйзамсыз ташып өтүү аракетине бөгөт коюлду

“Ак-Жол” пунктунда товарларды мыйзамсыз ташып өтүү аракетине бөгөт коюлду

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери “Ак-Жол” товарларды эсепке алуу пунктунда мамлекеттик чек ара аркылуу эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз ташып өтүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу тталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө 4 миң 100 даана товар Казакстандан Кыргызстандын аймагына тиешелүү коштомо документтери жок ташылып келгени аныкталды. Товарларды

Ишкер Media
“Кызмат” мамлекеттик мекемесине жаңы жетекчи дайындалды

“Кызмат” мамлекеттик мекемесине жаңы жетекчи дайындалды

Президенттин иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Азамат Жапаров иштен кетип, анын ордуна Нургазы Атканов жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Аталган мекеменин маалыматына ылайык, буга чейин мекемени жетектеп келген Азамат Жапаров башка кызматка дайындалганына байланыштуу директорлук кызматынан бошотулду жана “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директору болуп

Ишкер Media
Чүйдө мыйзам бузган объектилерге 1 млн сом айып салынды

Чүйдө мыйзам бузган объектилерге 1 млн сом айып салынды

Архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй башкармалыгы Аламүдүн районунда инвентаризация жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, текшерүү Бек-Тоо, Кара-Жыгач жана Таш-Мойнок айылдарындагы кум-шагыл казуу жана иштетүү объектилеринде өттү. Бетон орнотмолор (БСУ), майдалоо-сорттоо орнотмолору (ДСУ), эритме-бетон түйүндөрү (РБУ) жана кирпич заводу текшерилди. Жыйынтыгында 18 объект

Ишкер Media