Манас шаарынын күнүн белгилөөгө 1 млн сом каралган
2026-жылдын жергиликтүү бюджетинде Манас шаарынын күнүн өткөрүүгө 1 млн сом каралган. Майрамды кеңири масштабда жана жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн кошумча каржылоо маселеси каралды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.
Маалыматка караганда, быйыл Манас шаарынын күнү 5-ноябрда белгиленет.
Белгилей кетсек, 5-ноябрга жылдыруу 2026-жылга гана тиешелүү. Кийинки жылдары шаар күнү мурдагыдай эле 27-сентябрда өткөрүлөт.
Шаардык мэрия майрамды жогорку деңгээлде өткөрүүгө даярдык көрүп жатканын билдирди.
Мэрия шаар тургундарын жана конокторун 5-ноябрдагы майрамдык иш-чарага чакырат.