Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды
Араван районунун Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылында "Жаштар борбору" пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалымдалгандай, ачылыш аземге облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Өзбекстандан келген делегация, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Иш-чара эки элдин достугун бекемдөөгө арналып, концерт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү менен коштолду.
Борбор айылдык маданият үйүнүн базасында уюштурулду. Өкүл Аманкан Кенжебаев жаңы объект жаштардын бош убактысын туура пайдаланууга, чыгармачылык демилгелерин колдоого жана коомдук активдүүлүгүн арттырууга шарт түзөрүн белгиледи.
Долбоор президенттин 2025-жылдын 14-октябрындагы №363 тескемесине ылайык Турукташтыруу фондунан каржыланган. Фонддон 35 млн сом бөлүнүп, капиталдык оңдоо иштерин "Ширин Бизнес Групп" ЖЧКсы толук аяктады.


