Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган.
Аныкталган мыйзам бузуу боюнча акт түзүлүп, кемчиликтерди жоюу тууралуу көрсөтмө берилди. Ошондой эле курулушту жүргүзгөн "Альфа Ойл" ЖЧКсына 213 000 сом айып пул салынды.
Департамент курулуш объектилеринде шаар куруу мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөөнү улантаарын билдирди.