Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абад облусунун Багыш айыл аймагына караштуу Орто-Сай айылында көптөн күтүлгөн спорт зал ачылды. Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты.

Маалымдалгандай, спорт зал айыл тургундарынын демилгеси менен курула баштап, каражат жетишсиздигинен 10 жыл бою токтоп турган. Быйыл жергиликтүү бийликтин демилгеси менен президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевге кайрылуу жасалган.

Натыйжада облустук өнүктүрүү фондунан 13,5 млн сом, ал эми Багыш айыл өкмөтү тарабынан 1,5 млн сом бөлүнүп, курулуш толук аяктады.

Жаңы залда спорт менен машыгуу үчүн бардык шарттар түзүлүп, машыктыруучулар үчүн да ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөр каралган.

Жергиликтүү бийлик бул долбоор жаштардын спортко кызыгуусун арттырып, сергек жашоо образын жайылтууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

10 айда Салык кызматы 288,5 млрд сом, Бажы кызматы 155,6 млрд сом чогултту

Бир жумада сасык тумоо жана КРВИнин 10,9 миң учуру катталды

БУУнун СЕФАКТ форумунда транзиттик коридорлорду санариптештирүү маселеси талкууланды

Кыргызгидромет: шашылыш билдирүү

Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан кафенин ээсине 200 миң сом айып салынды