Бишкекте мыйзамсыз таштанды үчүн 23 миң сом айып салынды
Бишкекте Байтик Баатыр жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишиндеги тез татым даярдоочу жайдын аймагында мыйзамсыз таштанды таштоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги маалымдады.
Билдирүүгө караганда, министрликке караштуу Экологиялык көзөмөл кызматы жеринде текшерүү жүргүзүп, таштандылар белгиленбеген жерге ташталганын аныктаган.
Мыйзам бузуу боюнча жер тилкесинин ээсине протокол түзүлүп, 23 000 сом айып пул салынды. Ошондой эле аймакты тазалоо боюнча эскертүү берилип, тазалоо иштерин жүргүзүү милдеттендирилди.