Нарында Үй-бүлөлүк медицина борбору ачылды
Нарын шаарында "Ас-Сафа борбору" коомдук бирикмесинин колдоосу менен курулган облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, жалпы аянты 1 420 чарчы метрди түзгөн имаратта бейтаптарды кабыл алуу, диагностика жана адистештирилген жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Борбордо үй-бүлөлүк дарыгерлерден тышкары хирург, кардиолог, эндокринолог, офтальмолог, педиатр, онколог, психиатр жана ЛОР дарыгерлеринин кабинеттери бар. Ошондой эле рентген, УЗИ, ЭКГ, ЭхоКГ, кан алуу бөлмөсү жана күндүзгү стационар, эне жана бала кабинети, стерилдөө бөлмөлөрү иштейт.
Жаңы имарат облус тургундары үчүн медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн кеңейтип, дарыгерлердин иштөө шартын жакшыртат.
Буга чейин 7-октябрда Бишкекте да "Ас-Сафа борбору" тарабынан курулган №1 шаардык клиникалык ооруканасынын төрт кабаттуу терапия бөлүмү пайдаланууга берилген.