KYRGYZSTAN EXPO – 2026 жана EXPO EURASIA KYRGYZSTAN – 2026 эл аралык көргөзмөсү өтүп жатат

KYRGYZSTAN EXPO – 2026 жана EXPO EURASIA KYRGYZSTAN – 2026 эл аралык көргөзмөсү өтүп жатат

Бишкекте KYRGYZSTAN EXPO – 2026 жана EXPO EURASIA KYRGYZSTAN – 2026 эл аралык көргөзмөсү өтүп жатат. Ага ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн жана дагы 7 өлкөнүн компаниялары катышууда. Көргөзмөнүн негизги максаты ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясын чет өлкөлүк рынокторго таанытууга жана инвестиция тартууга багытталган.

Иш-чарада ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн тамак-аштан тартып өнөр жай товарларына чейинки продукциялары сунушталууда. Мындан тышкары, көргөзмөгө чет өлкөлүк инвесторлор чакырылып, мамлекеттик органдар жана инвестиция тартуу боюнча тиешелүү мекемелер да катышууда.

Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Авазбек Керимбаев белгилегендей, көргөзмөнүн негизги максаты — кыргызстандык ишкерлердин экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жергиликтүү продукцияны эл аралык рынокторго чыгаруу жана жаңы өнөктөштөрдү табууга шарт түзүү.

Каалоочулар "Жаштык аренада" өтүп жаткан көргөзмөгө барып көрсө болот. Көргөзмө 15-17-октябрь күндөрү өтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Манаста 166 млн сомдук жаңы мектеп курулду

Манаста 166 млн сомдук жаңы мектеп курулду

Манас шаарынын Дөмөр айылында 275 орундуу заманбап мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 166 миллион сомду түздү. Курулушту министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти көзөмөлдөгөн. Эки кабаттуу мектептин жалпы аянты 2 980 чарчы метр. Имаратта заманбап окуу класстары,

Ишкер Media
Россия Кыргызстандын 180 жаранына пенсиянын бир бөлүгүн чектеди

Россия Кыргызстандын 180 жаранына пенсиянын бир бөлүгүн чектеди

Россияда иштеген Кыргызстандын 180 жаранына пенсиянын бир бөлүгү чектелди. Бул тууралуу КРнын Социалдык фондунан маалымдашты. Маалыматка ылайык, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы макулдашуунун негизинде жарандар башка мамлекетте иштеген мезгили үчүн пенсия алуу укугуна ээ болушат. Аталган макулдашуу 2021-жылдын 1-январынан тартып колдонулуп келет. Ага Кыргызстан, Россия, Казакстан,

Ишкер Media
Кыргызстандык жана чехиялык компаниялардын бизнес-жолугушуусу өттү

Кыргызстандык жана чехиялык компаниялардын бизнес-жолугушуусу өттү

14-октябрда Бишкектеги "Ырыс-Ордо" конгресс-холлунда Кыргызстан менен Чехиянын транспорт тармагындагы бизнес-жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, иш-чара Чехиянын транспорт министри Иван Беднарик баштаган делегациянын расмий сапарынын алкагында уюштурулду. Жолугушууда эки өлкөнүн компания өкүлдөрү B2B жана B2G форматтарында сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Тараптар өз компанияларынын

Ишкер Media
Бишкекте 17 жаштагы өспүрүмгө 130 миң сомдук айып салынды

Бишкекте 17 жаштагы өспүрүмгө 130 миң сомдук айып салынды

Бишкекте 17 жаштагы өспүрүм айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарып бара жаткан жеринен кармалды. Патрулдук милиция башкармалыгынын маалыматына караганда, айдоочу "Лада Приора" үлгүсүндөгү унаа менен инспекторлордон качууга аракет кылган. Ал милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, бирок үйүнө жеткенде кармалган. Айдоочуга карата жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн жалпы суммасы

Ишкер Media